БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Алыста туруп кызмат көрсөткөндөргө суроо-талаптын өсүшү менен маалыматтык технологиялар жаатындагы көз боёмочулар да көбөйдү. Бул тууралуу РИА Новостиге Москва облусунун Аймактык коопсуздук башкы башкармалыгынын адистери билдиришти.
Эксперттер каржылык алдамчылыктын негизги белгилерин аныкташкан. Алардын айтымында, шектенүүнү бейтааныш номерден "коопсуз" эсепке акча которуу сунушу боюнча чалуулар, топтолгон каражатты "пайдалуу" инвестициялоо сунушу, ошондой эле лотереядан күтүлбөгөн жерден утуп алгандыгыңыз жөнүндөгү билдирүүлөр жаратышы мүмкүн.
"Эгер сизге өздөрү чалып жатса кооптонуу керек. Маселен, бейтааныш бирөө эле SMS жиберип, электрондук почтага кат жазып же мессенджерге билдирүү жөнөтүшү мүмкүн. Алар өздөрүн банктын, полициянын же дүкөндүн кызматкери катары чалышы ыктымал. Алдоо жолдорунун бардыгы акча менен байланышып, мүмкүн болушунча кардар үчүн пайдалуу сунуш айтып жаткандарына ишендиришет. Шылуундар мындай учурда сизди шаштырып, аз убакыт эле сүйлөшкүсү келет. Мунун өзү эле шек жаратат. Ошондуктан сиздин ой-пикириңизди укпай эле психологиялык басым жасагандар болсо сүйлөшүүнү токтотуп салыңыз", — деген адистер.Ошондой эле алдамчылар жабырлануучуларга күтүлбөгөн маалыматтарды айтышат. Маселен, лотереяда жеңүүчү болгонуңузду, акчанын бардыгын алуу үчүн бир аз каражат которушуңуз керектигин билдирет.
"Ал акчаны салуу үчүн бир сайтка банктык картаңыздын маалыматын киргизиңиз деп айтышы мүмкүн. Банктын кызматкери эч убакта картанын жашыруун реквизиттерин, ПИН-кодун жана сыр сөзүн сурабайт", — деген эксперттер.
Адистер шылуундар гана банктык эсептердеги акчанын "ачкычын" табууга аракет кылышарын белгилеген.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган. 1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды.
"Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", — деп айтылат маалыматта.
"Унаа" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шералиевдин айтымында, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин коронавируска каршы экинчи ирет эмделди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Россиянын башчысы биринчи вакцинасын 23-мартта алган. Анда администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон.
Россия ушуга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" деп аталган үч вакцина чыгарды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда катталган автоунаа кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 14-апрель күнү саат 14:00дөр чамасында Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында болгон.
"Mercedes-Benz унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жаракат алган. Куткаруучулар унаага кыпчылып калган аялды чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.
Жабыркагандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени жана алардын абалы орточо экени айтылды.