БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Россияда иштеп жүргөн мигранттар менен ишкерлердин эсебинен сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" эфиринде айтты.
"Мен Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен эки ирет кезиктим, сүйлөшүүлөр уланууда. Президент Садыр Жапаров дагы Владимир Путин менен жолуккан учурда вакцина тууралуу сөз болгон. Бирок учурда көп өлкөлөр "Спутник V" вакцинасынын эффективдүүлүгүн көрүп, суроо-талап көбөйүп жатат. Биз кезекке турдук. Апрель айынын соңунда же май, июнь айларында алып калышыбыз мүмкүн", — деди ал.Ошол эле учурда министр Россияда жүргөн мигранттар менен ишкерлер бул вакцинаны сатып алууга жардам берүү ниетин билдирип жатканын айтты.
"Бул боюнча премьер-министр менен сүйлөшүп, ал уруксат берди. Жакын арада алардын эсебинен вакцина алууну көздөп жатабыз", — деди Бейшеналиев.
Буга чейин президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон расмий иш сапары учурунда Владимир Путин менен сүйлөшүүлөр болуп, өлкө гуманитардык жардам иретинде 500 миң доза "Спутник V" вакцинасын бермей болгон.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкекте киши "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын ичип алып, ууланып калганы тууралуу маалымат тарап жатат.
Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына Кыргыз-Россия Славян университетинин клиникалык фармакология кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин кандитаты Аида Зурдинова дагы жазган.
"Мессенджер аркылуу мага маалымат түштү. Тез жардамда иштеген таанышыма саат 14:00дө бир киши чалып "жардам бергиле" деп кыйкырыптыр. Бейтап 10-кичи райондо жашайт экен. Дарыгерлер жерине барганда батирдин ичинен бүгүн жарнамаланган уу коргошундун бөтөлкөсүн көрүшкөн. Бейтаптын жүрөгүнүн согушу бузулуп, дем алуусу кескин начарлаган. Бактыга жараша, Тез жардамды убагында чакырышкан. Бейтап өзү дагы ошол кайнатманы ичкенин билдирген. Жаран токсикологияга жеткирилген, жакшы болуп кетет деп үмүт артуудабыз", - деп жазды ал.
Анткен менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнөн мындай бейтаптар түшпөгөнүн билдиришти.
Ал эми Зурдинова өзүнүн жазган постунун алдына бейтап жеке клиникага жаткырылганын жазып, окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат эртең болорун билдирди.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын ЖМКларга билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.
Журналисттин "Сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу?" деген суроосуна ал: "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек", - деп жооп берди.
Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы менен Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине борбор калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгуу өтүнүчүн камтыган кат жиберилет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда иштеп жаткан генералдык пландын мөөнөтү бүтө элек болсо да аракеттер көрүлөт.
Талкуудан соң Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине айрым процедураларды жөнөкөйлөштүрүү максатында тийиштүү ченемдик-техникалык документацияларды тез арада өркүндөтүү зарылдыгы боюнча кайрылуу чечими кабыл алынды.
"Бишкек мэриясына, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине Бишкектин учурдагы башкы планынын мөөнөтү бүткөнгө чейин эле жаңысын иштеп чыгуу өтүнүчү менен кат жиберилет", — деп айтылат маалыматта.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов буга чейин Бишкек шаарынын башкы планынын ачыктыгын камсыздоо негизги милдеттеринин бири экенин билдирген.
Учурда ордо калаада 2025-жылга чейинки генералдык план иштеп жатат. Ал 2006-жылы кабыл алынып, бекитилген.