Бишкекте той өткөрүүгө чектөө киргизүү пландалып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековСезон свадеб в Бишкеке
Сезон свадеб в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо министринин айтымында, борбор калаанын жана өлкөнүн ар бир району эпидемиологиялык кырдаал боюнча отчёт берет.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкекте коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу бийлик той жана үлпөт тойлорду өткөрүүгө чектөө киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу "Биринчи радиого" саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, COVID менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын бүгүнкү кеңейтилген жыйынында чечим кабыл алынат.
"Чечим бар, аны бүгүн кечке жуук же эртең жарыялайбыз", — деди Бейшеналиев.
Министр белгилегендей, борбор калаанын жана өлкөнүн ар бир району эпидемиологиялык кырдаал боюнча отчёт берет дагы ошого жараша чечим чыгат.
Жаңылыктар түрмөгү
0