Суу ташыган киши. Архивдик сүрөт

Эртең Бишкектин бир району жана бир нече конушунда суу болбойт. Тизме

(жаңыланган 12:29 31.03.2021)
"Бишкек суу канал" жана "Бишкек жылуулук энерго" ишканалары келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну камдап алууну өтүнгөн.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкектеги "Түндүк" суу тосмосундагы жана суу түтүктөрүн кышка карата оңдоо иштерине байланыштуу шаардын айрым бөлүгүндө эртең, 1-апрелде, 9:00дөн 21:00гө чейин ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бел, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары жана Чоң Чүй каналы аймактарына, анын ичинде төмөнкү даректерге таза суу убактылуу берилбейт:

  • №18, №33, №35, №75, №46, №78, №19 мектептер;
  • №12, №41 балдар бакчасы;
  • Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги;
  • "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы (Васильев көчөсү, Жаш гвардия бульвары, 175, Урицкий көчөсү, 40);
  • Батыш автобекети, Чимкент көчөсү, 1;
  • Улуттук гвардиянын башкы штабы;
  • "Электросила" ЖЧКсы;
  • Кургак учукка каршы шаардык оорукана;
  • Биринчи май райондук аскер комиссариаты, 41069 аскер бөлүгү;
  • Биотехнология институту;
  • "Сафонов" менчик ишканасы (химзавод);
  • Автобаза "Бишкек суу канал";
  • №20, №14, №13 муниципалдык аймактык башкармалыктары;
  • Турбаза;
  • Тигүү цехи (мурдакы "Хисар" ЖЧКсынын аймагы);
  • Жыгач иштетүү цехи (мурдакы "Хисар" ЖЧКсынын аймагы);
  • "Казакстан" мейманканасы, Жибек жолу проспектиси, 601;
  • "Тазалык" ишканасы, Ростов көчөсү, 19Б, Ала-Арча көчөсү, 74А;
  • Шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайы, Орозбеков көчөсү, 281
  • Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, Орозбеков көчөсү, 281А;
  • Apple Hostel мейманканасы, Чимкент көчөсү, 1Б;
  • "Бишкек аза кызмат агенттиги", Орозбеков көчөсү, 344А;
  • Милициянын №7 шаардык бөлүмү, Фере көчөсү, 34А;
  • Милициянын №16 участкалык пункту, Орозбеков көчөсү, 293/1;
  • Милициянын №19 участкалык пункту, М.Ганди көчөсү, 10/2;
  • "Фрунзе" гипермаркети, Жибек жолу проспектиси, 609;
  • "Арашан" мончосу, М.Ганди көчөсү, 208/1;
  • SUNSET конок үйү, М.Ганди көчөсү, 110Б;
  • "Бишкек асфальт сервис" ишканасы, Орозбеков көчөсү, 259А;
  • Бишкек шаардык ветеринардык жана санитардык инспекциясы, Орозбеков көчөсү, 253;
  • Мындан сырткары, "Красный строитель", Ак-Тилек, Көлмө, Алтын Бешик жана Салам Алик конуштарында да суу болбой турганы айтылды.

Суу берүү убактылуу токтотулганына байланыштуу "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы төмөнкү даректерге жылуулук жана ысык суу үчүн электр энергиясын берүүнү убактылуу токтотот:

  • №18, №35, №75, №46, №78, №19 мектептер;
  • №12, №41, №187 балдар бакчалары;
  • Красный строитель, Жаш гвардия, Урицкий, Геодезия 1, Геодезия 2, Аскердик бөлүк даректериндеги от казандары.

"Бишкек суу канал" жана "Бишкек жылуулук энерго" ишканалары келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну камдап алууну өтүндү.

Белгилер:
оңдоо, суу түтүктөрү, токтотуу, суу, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин алты көчөсүндө оңдоо иштери башталып, жолдор жабылат
Автоунаанын мамлекеттик номерлери. Архив

Кыргызстан жараксыз автоунаа номерлерин темир катары 12 млн. сомго сатты

(жаңыланган 16:30 14.04.2021)
2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Аны сатууга аукцион уюштурулду.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган. 1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды.

"Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", — деп айтылат маалыматта.

"Унаа" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шералиевдин айтымында, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.

Белгилер:
алюминий, темир, мамлекеттик номер, аукцион, автоунаа, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандан темир-тезек экспорттоого тыюу салган токтом чыкты
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн
РФ президенти Владимир Путин. Архив

Путин коронавируска каршы вакцинанын экинчи компонентин сайдырды

(жаңыланган 16:33 14.04.2021)
Россия башчысы биринчи вакцинасын 24-мартта алып, өзүн жакшы сезип, дароо ишке чыккан. Администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин коронавируска каршы экинчи ирет эмделди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Россиянын башчысы биринчи вакцинасын 23-мартта алган. Анда администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон.

Россия ушуга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" деп аталган үч вакцина чыгарды.

Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия, Владимир Путин
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанга жакында 30 миң доза "Спутник V" вакцинасы алып келинет
Россия Түркия менен аба байланышын токтотту. Туристтик сезон эмне болот
Россияда коронавируска каршы дагы бир вакцина иштелип жатат
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда кырсык

Чүйдө эки унаа кагышып, жети адам жаракат алды. Видео

(жаңыланган 17:12 14.04.2021)
Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында болгон жол кырсыгынан жаракат алгандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени айтылды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда катталган автоунаа кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 14-апрель күнү саат 14:00дөр чамасында Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында болгон.

"Mercedes-Benz унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жаракат алган. Куткаруучулар унаага кыпчылып калган аялды чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.

Жабыркагандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени жана алардын абалы орточо экени айтылды.

Белгилер:
Торугарт, Нарын, Бишкек, ӨКМ, жол кырсык
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Чүйдө төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Кырсыктын видеосу
Түптөгү үрөй учурган жол кырсыгы: төртүнчү бала ооруканадан көз жумду
Сокулукта Lexus жолдо турган унааны сүзүп, бир адам каза тапты. Видео