Бейшембиге карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
1-апрелге караган түнү өлкө боюнча туруксуз аба ырайы сакталып, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +4…+9, Ысык-Көлдө +1…+6, Нарын өрөөнүндө -1…+4 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Күндүн табы борбордо +1…+3, Ош шаарында +6…+8 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0