Алыс карма. Диетолог туура тамактануу боюнча төрт кеңеш берди

© Фото / Pexels / Kampus ProductionЭртең мененки тамак учурунда кыз. Иллюстартивдик сүрөт
Эртең мененки тамак учурунда кыз. Иллюстартивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Адис туура тамактанам дегендерге азыктардын түрүн санап бербестен, көбүрөөк адамдын психологиялык кабыл алуусуна басым жасаган.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Индиялык диетолог Нмами Агарвал туура тамактанууга өтөм деп жолун таппай жүргөндөргө кеңеш берди. Бул тууралуу "Известия" The Health Site басылмасына шилтеме берип жазды.
Анын айтымында, такыр ачка калбаш керек жана ашыкча тамак жеп алганда адам өзүн жемелей бергени туура эмес.
"Жашоодо ырахаттанып жашаш керек да. Турмушта мүдүрүлсөк деле туруп атпайбызбы. Тамактануу деле ошондой, башкысы ушуну менен болду деп зыяндуу тамакты катары менен жеп салбаш керек", — деген адис.
Ошондой эле диетолог алкоголдук ичимдиктерден баш тартууну сунуштады. Такыр таштай албайм дегендер кыска жана кең стакандарга караганда кууш жана узун стакандарга ичсе болот.
Дүкөндөгү картошка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Диетолог картошканын пайдасы менен зыянын айтып берди
Андагы суюктуктун көлөмү бирдей көрүнгөнү менен адамдын мээси тик нерселерге өзгөчө баа берет. Ушундай жол менен ичимдикти азайтса болот.
Мындан сырткары, жарым фабрикаттарды албай эле койгон оң деген. Тамак-аш рационунда аларды 10–20 пайыз гана калтыруу керек.
Пайдалуу тамак-ашты көрүнүктүү жерге, зыяндуу азыктарды алысыраак жакка коюуга кеңеш берген. Себеби адам көзүнө көрүнгөн нерсени жегиси келе берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0