Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) имараты. Архив

МГИМО кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алат. Шарт-талабы

(жаңыланган 11:55 01.04.2021)
Конкурстук тандоого Кыргызстандын жарандары гана катыша алат. Документтерди тапшыруу онлайн режиминде өтөт.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) 2021-жылдын 12-апрелинен тартып 14-майга чейин бакалавриат жана магистратура программалары боюнча Кыргызстан жарандарынын документтерин кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Конкурстук тандоого Кыргызстандын жарандары гана катышып, абитуриент бир окуу багытына гана документтерин тапшыра алат.

"Институтка Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сунуш кылган талапкерлер Москва шаарына келери менен ЖОЖдун эрежелерине ылайык орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Конкурстук тандоонун эрежелери менен ТИМ сайтынан www.mfa.gov.kg жана ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтынан www.dipacademy.kg таанышууга болот.

Сынакка катышууга каттоо жана документтерди тапшыруу онлайн режиминде ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтында жүргүзүлөт. www.dipacademy.kg

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге байланышыңыздар: 0(312) 62 15 23, 62 02 83, 66 01 85.

Белгилер:
Москва, ТИМ, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда билим алган КР студенттери окуусуна кайтууга уруксат алды
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси, энтемолог Гүлкайыр Орокчиева

Орокчиева: кене энцефалити мээни, жүлүндү жабыркатат

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси, энтемолог Гүлкайыр Орокчиева кене энцефалити мээ, жүлүндү жабыркатарын айтты.
Орокчиева: кене энцефалити мээни, жүлүндү жабыркатат

Кене энцефалити борбордук нерв системасын жабырката турган курч кармоочу вирустук оору. Ал адамга кене чакканда анын шилекейи аркылуу жугат. Миңдеген түрдүн ичинен иксод кенеси дал ушул вирусту алып жүрөт. Бул тууралуу Гүлкайыр Орокчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кооптуу кенелер Чоң-Кемин, Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоонун токойлуу жерлеринде көп кездешет.

"Тоого, токойго эс алууга чыккан учурда кенелердин жабышып алуусун алдын алуу үчүн кийимдерди, денени текшерип карап туруу керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, кенелерди качыруучу ар кандай крем, мазь, аэрозолдорду колдонгон оң. Күн кандай гана ысык болбосун, жеңи узун кийим кийүү зарыл. Ошондой эле багалекти байпакка кымтып, моюнду жука жоолук менен ороп алыңыздар. Эс алуудан кайткан учурда адамдар өзүн жана бири-бирин кылдаттык менен карап чыгуусу керек. Эгерде денеге кене жабышып алса, баш бөлүгүн жип менен тегеретип байлап, май тамчылатып туруп, денесин башынан үзүп албастан жиптин эки учун кылдаттык менен акырын тартып алуу керек. Жабышкан кенени алган учурда эч качан аны сыгууга, басууга болбойт. Анткени баскан учурда вирусту организмге жуктуруп алуу мүмкүн. Кене чаккан жерди спирт же йод менен сүртүп коюу керек. Кенени алгандан кийин айнек идишке салып аймактык Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна тапшырса, дарыгер кененин түрүн аныктап, ага жараша чара көрөт", — деди Орокчиева.

Дарыгер мээ, жүлүндү жабыркаткан энцефалитти өз учурунда дарылабаса майыптыкка же өлүмгө алып келиши мүмкүндүгүн кошумчалады.

Белгилер:
Гүлкайыр Орокчиева, энцефалит, мээ, вирус, кене
Тема боюнча
Кенеден кантип сактануу керектигин терапевт айтып берди
COVID-19дан Спутник V россиялык вакцинасы менен жүк. Архив

Кыргызстанга жакында 30 миң доза "Спутник V" вакцинасы алып келинет

(жаңыланган 15:48 14.04.2021)
Аталган препаратка кезек күткөндөр болгондуктан бир миллион дозаны бир эле транш менен алууга мүмкүн болбой жатканы айтылды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жакын арада Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасынын 30 миң дозасы алып келинет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, жалпы жонунан 1 миллион доза сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Биринчи траншында 15 миң кишиге жете турган 30 миң доза алып келүү демилгеси жактырылды.

"Вакцина транш менен жеткирилет, себеби препаратты алууга кезек күткөндөр бар. Ушул себептен улам дагы гуманитардык жардам катары бериле турган 500 миң доза июнь-июль айларына туура келип жатат", — деди министр.

Ал ошондой сатып алынган вакцина калк үчүн бекер болорун кошумчалады.

Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, Спутник V, вакцина, Россия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Адис: Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасы май айында келиши мүмкүн
Ош шаарында бир тууган балдардан COVID аныкталып эки мектеп жабылды
Адамзат коронавирустун жеткен чегинде турат. ДССУ ааламдагы абал тууралуу
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков

Сыдыков: Кыргызстанда инвестициялык климат жакшы эмес

(жаңыланган 16:00 14.04.2021)
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Кыргызстанда ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик ала албай жаткандыгын айтты.
Сыдыков: Кыргызстанда инвестициялык климат жакшы эмес

Экономикалык кризис учурунда ишкерлерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Мындай пикирин Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер бизнесин, кардарларды ойлобой эле мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деген түйшүк менен жашап калышты.

"Тилекке каршы, инвестициялык климат учурда жакшы эмес. Жалпысынан өлкөдө саясий-экономикалык туруктуулук толук кандуу орной элек. Дүйнөлүк жагдайга карасак, шайлоо жакындаганда инвестициялар убактылуу токтойт. Биринчиден, коопсуздук болушу керек. Көп ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик көрө албай жатышат. Азыркы экономикалык кризис учурунда бизнесмендерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Ишкерлер бизнести, кардарларды ойлобой, мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деп түйшөлүп калышты. Экинчиден, саясий-экономикалык туруктуулукту орнотуу зарылчылыгы күч", — деди Сыдыков.

Ошондой эле жетекчи мамлекеттик органдарда, компанияларда ишкерлер менен тыгыз иш алып бара ала турган кесипкөй адистердин жетишпей жатканын кошумчалады.

Белгилер:
бизнес, мамлекеттик орган, инвестициялар, коопсуздук, ишкер, Аскар Сыдыков
Тема боюнча
Мусуралиев: ишкерлер Салык кызматынын үстүнөн көп даттанышат