БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Адинай" паркында 3-апрель күнү Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата масштабдуу акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Иш-чара саат 10:30да башталат.
Дүйнөлүк ден соолук күнүнүн алкагында акциянын коноктору ВИЧке экспресс-тест тапшырып, кандагы канттын көлөмүн текшерип, кан басымын өлчөтө алышат. Ошондой эле тамеки таштоо, туура тамактануу, менталдык ден соолук, биринчи жардам көрсөтүү жаатында кеңештер берилет.
"Акциянын катышуучулуры үчүн ден соолукту жакшыртуучу жана көңүл ачуучу программалар даярдалган. Иш-чара веложүрүш менен аяктайт", — дешти министрликтен.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу катышуучулар бет кап кийип, бир метр аралыкты сактап, антисептикти колдонушу керек.
Дүйнөлүк ден соолук күнү 7-апрелде белгиленип келет.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Талас облусунда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясы билдирди. https://www.instagram.com/p/CNsDV-YMxdM/
2-май күнү чүчү кулак тартылып, мелдеш 3-майда башталат.
"Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык турнир 3-майдан 9-майга чейин Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында өтөт. Командалардын катышуу боюнча арыздары 30-апрель күнү саат 17:30га чейин кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.
Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Улуттук көк бөрү федерациясы тарабынан уюшулууда.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.