Медициналык бет каптан мите курт чыктыбы? Микроскоп менен текшерген видео

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМедициналык бет каптар. Архив
Медициналык бет каптар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Социалдык тармактарга медициналык бет каптардын ичинде курт жүрөт делген видео тарады. Департамент ролик тарагандан кийин эле териштирүү иштерин жүргүзгөн.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Медициналык бет каптарда мите курт чыкты деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарга медициналык бет каптардын ичинде курт жүрөт делген видео тарады. Департамент ролик тарагандан кийин эле териштирүү иштерин жүргүзгөн.
"Биз жаңы ачылган жана колдонулган бет каптардын бардыгын алып, микроскоп аркылуу текшердик. Жеке коргонуу каражаттарынын биринде дагы курт сымал жандыктар чыккан жок. Болгону кара түстөгү кездеменин жиптерин көрө алдык. Сыягы, ал видеолордун авторлору ошол жипти куртка окшоштуруп алышса керек", — деди департаменттин врач-лаборанты Гүлмира Жумашова.
Ал, ошондой эле, адам дем алганда маска нымдашып мите курттар кыймылга келет деген кептер тарагандыктан бет капты жылуу сууга салып дагы текшерип көрүшкөнүн кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0