УКМК Райым Матраимовду ооруканадан чыгарып, бирок тергөө абагына киргизген жок

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Жазылуу
Матраимов экинчи ирет 18-февралда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага которулган.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимов "Бикард" жеке клиникасынан чыгып, №47 түзөтүүчү колонияга киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Эске салсак, Матраимов экинчи ирет 18-февралда кармалып, 20-февралда Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Кийинчерээк Матраимов артериялык кан басымы жогорулап жатканын айтып даттанган. Натыйжада Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын бирине которулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0