БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Баткен облусунун Өзбекстан менен чек аралаш жеринде жайгашкан "Кайтпас" жана "Өтүкчү" өткөрүү пунктуларынын иши жанданды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Саамалык салтанаттуу түрдө белгиленген. Ага Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров баштаган эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар катышты.
"Бүгүндөн тарта эки өлкөнүн тургундары мамлекеттерге "Кайтпас" жана "Өтүкчү" жайлары аркылуу тоскоолдуксуз өтө алышат. Тагыраагы, жүргүнчү ташуучу унаалардын каттоосуна жол ачылды. Пандемияга байланыштуу "Кадамжай" өткөрүү пункту гана иштеп жаткан. Анда өзбек жарандары Сох районуна баруу үчүн 80 чакырым жолду басып өтсө, эми "Кайтпас" өткөрүү жайы аркылуу жол алыстыгы 50 чакырымга кыскарат. Ошону менен катар "Кадамжайда" кыймыл жеңилдейт", — деп айтылат маалыматта.
Ушул жылдын 11-12-мартында эки мамлекет аталган чек ара көзөмөл-өткөрүү жайларын ачууну макулдашкан.
Ал эми Баткен менен Фергана облусунун башчылары кызматташуу жаатында бирдиктүү жол картасына кол коюшкан.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.
Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.
"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.
Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.
"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.