COVID-19дан эмделгендер жана эмделчүлөр билиши керек. Түйшөлткөн 9 суроого жооп

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкектеги медициналык кызматкер COVID-19 вакцинасынын даярдап жатат
Бишкектеги медициналык кызматкер COVID-19 вакцинасынын даярдап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны кимдер, кайсы курактагылар алса болот, ден соолугуна байланыштуу кимдер ала албайт жана сайдыргандар эмнелерди эске алышы керек? 
29-мартта Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Эң алгачкы болуп түз эфирде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өзү эмделген. Жалпысынан препараттын 150 миң дозасы алынган, ал 75 миң кишиге жетет. Биринчи кезекте ал Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы медиктерге, социалдык кызматкерлерге жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө сайылмакчы.
Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасы май-июнь айларында алып келинери күтүлүүдө. Макулдашуу боюнча препараттын 500 миң дозасы келет.
Коронавирустан коргой алат деген вакцина Кыргызстанга келгенден бери элде түрдүү суроо жаралганы белгилүү. Мындан улам редакция Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кайрылып, айрым суроолорго жооп алды.
Министрлик коронавируска каршы вакцина жүргүзүүнүн бирдиктүү стратегиясын иштеп чыкканын, бирок вакциналардын инструкциясына жараша буйрукка өзгөрүүлөр киргизиле турганын белгиледи.

Кайсы оорусу бар адамга вакцина сайылбай калышы ыктымал?

  • дарыга, тамак-ашка, вакцинага аллергиясы барларга;
  • онкологиялык илдеттер менен жабыркагандарга;
  • мээнин жана нерв системасынын талмасы же патологиясы байкалса;
  • астма, өпкө, жүрөк, бөйрөк илдети, зат алмашуудагы ооруларда (диабет);
  • ВИЧ/СПИД, иммундук системага байланыштуу көйгөйлөрдө;
  • акыркы үч айда кортизон, преднизолон жана башка стероиддер менен дарыланып, ракка каршы дары-дармек ичип, нур терапиясынан өткөндөргө;
  • акыркы төрт жумада эмдөөдөн өткөндөргө;
  • курч кармаган оорусу барларга, тагыраагы, вакцина алар алдында адамдын жалпы абалы жакшы болушу керек.
Жогорудагы оорулар менен жабыркагандарга вакцина сайылар-сайылбасын дарыгер бейтаптан сурамжылоо жүргүзүү аркылуу аныктай турганы белгиленди.

Кимдер такыр албайт?

Кош бойлуулар жана бала эмизгендер. Ошондой эле энеде иштелип чыккан антитело балага сүт менен барар-барбасы азырынча белгисиз, тагыраагы, тастыктама жок.
Коронавируска каршы эмдөө пункту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Коронавируска каршы кайсы жерде эмделсе болот? Даректер
Канча жаштан баштап эмделсе болот?
Азырынча кичинекей балдар коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөйт. 18 жаштан өткөн жарандар сайдыра алат. Карыган адамдар вакцина алар алдында дарыгердин тыкыр көзөмөлүнөн өтөт.

Балалуу болсом деп жаткандар вакцина ала алабы?

Наристени пландоодо ар бир ата-эне дарыгер менен кеңешиши керек. Бирок адистер балалуу болом дегендерди эмдөөдөн өтүүдөн карманып турууга чакырды. Өзгөчө бир ай ичинде балалуу болом дегендер кое турганы оң.

Оорулуу менен байланышта болбошу керек

Соңку эки жума (14 күн) аралыгында инфекциялык ооруларга чалдыккандар менен, анын ичинде COVID-19 жуктургандар менен байланыш болбошу керек.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Министр: күзгө чейин өлкөнү COVID-19га каршы вакцина менен камсыздап бүтөбүз
Ооруп айыккандар качан алса болот?
Министрлик жарым жылдан кийин же сегиз айдан соң сайдырса болорун айтты.
"Адамдын антителосу бар туруп вакцина алып алса эмне болот, аны атайын текшертип туруп сайдыруу керекпи?" деген суроого мекеме "Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму иммуноферменттик анализди (ИФА) жарым жылдан кийин тапшырууну сунуштабайт" деп жооп берди.

Вакцина сайдыруу акысызбы?

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик мекемелерге алып келинген вакцинанын баары акысыз сайылышы зарыл экенин, кээ бир компаниялар өздөрү алып келип ыктыярдуу түрдө эмдешине уруксат берилгенин айткан.
"Алсак, "Спутник V" вакцинасынын бир дозасы 8-10 доллар турат. Адам коронавируска каршы эки ирет эмделет. Демек, бир кишиге 16 доллардай кетет. Кытайдын Sinopharm вакцинасы андан арзан экен. Биз Дүйнөлүк банк, Ислам банкы, айрым коомдор менен сүйлөшүп жатабыз. Алар вакцина сатып алууга жардам берсе элди бекер эмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми мамлекетке келген вакцинанын номери болот. Ал аркылуу биз бирөө дагы сыртка чыгып же сатылып кетишине жол бербейбиз", — деген министр.
Ошондой эле ал "Спутник V" вакцинасын Россияда иштеп жүргөн мигранттар менен ишкерлердин эсебинен да сатып алууну пландап жатканын айткан.

Вакцинанын болжолдуу кыйыр таасирлери

Вакцина сайдыргандан кийин үч сутка ичинде сасык тумоо сыяктуу адамдын дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, алсырап, муун менен булчуңдар оорушу ыктымал. Ошондой эле ийне сайылган жер ооруксунтуп, шишип, кызарышы мүмкүн. Айрым учурда гана көңүл айлануу, тамакка табиттин жоголушу, ич оору, лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу байкалат. Аллергиялык реакциялар, невралгиялык жана неврологиялык оорулар да сезилиши ыктымал экени айтылды.
Меры предосторожности для защиты от вируса свиного гриппа в Киеве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Коронавируска каршы эмделгенден кийин жегенге болбой турган азыктар
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн алкагында кимдир бирөөгө кесепети тие турган болсо жоопкерчиликти жеке өзү ала турганын билдирген.
"Жалпысынан өкмөт жана Саламаттык сактоо министрлиги жооп берет, бирок эң башкы жоопкерчилик менде болот", — деген министр.
Буга чейин министрлик Кытай Кыргызстанга берген COVID-19га каршы Sinoрfarm вакцинасынын кыйыр таасири катталбаганын билдирген.

Вакцина сайдыргандарга сунуштар

Үч күн ичинде бейтаптар ийне сайылган жерге суу тийгизбей, ичимдик ичпей, оор жумуштарды жасабай турушу керек.
Ал эми ийне сайылган жер ооруксунтуп, шишип, кызарса антигистаминдик каражаттарды, дене табы көтөрүлсө стероиддик эмес сезгенүүгө каршы дары-дармектерди адистер менен кеңешип колдонсо болот.
Ал эми башка суроолор болсо Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы дарыгерлерге кайрылып же 103 номери аркылуу Тез жардам кызматын чакыруу зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0