БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Улгайып калган адамдар ден соолугун чыңдоо үчүн рационунда клетчаткага бай азыктарды көбөйтүшү зарыл. Бул тууралуу геронтолог Юрий Коневге шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.
"Жаш өткөн сайын организм энергияны азыраак талап кыла баштайт. Андыктан жалпы жонунан тамактын көлөмүн мурдагыдан азайтуу керек. Антпесе организмге күч келет. Андан көрө рационго ичеги-карынга пайдалуу клетчаткага бай азыктарды кошуш керек. Күнүнө анын көлөмүн 400–500 граммга жеткирсе туура болот", — деди Конев.
Клетчаткага бай азыктардын катарына буурчак, дан эгиндери, жаңгак, күрүч, жашылча жана жемиштер кирет.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.
Ушуну менен борбор калаада уу коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Бүгүн аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлган. https://sputnik.kg/society/20210420/1052201804/bishkekte-ehki-kishi-uu-korgoshunga-uulandy.html
Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. https://sputnik.kg/society/20210420/1052201804/bishkekte-ehki-kishi-uu-korgoshunga-uulandy.html Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады.
Уу коргошун чуусу
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду. https://sputnik.kg/society/20210416/1052164594/akonit-kaynatma-mamlekettik-rezidentsiya-zhasoo-video.html
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. https://sputnik.kg/video/20210416/1052162137/uu-korgoshun-ichken-ministr.html Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.
Инжект: https://sputnik.kg/society/20210419/1052186693/fejsbuk-sadyr-zhaparovdun-postu-ochuruldu.html
https://sputnik.kg/society/20210420/1052201804/bishkekte-ehki-kishi-uu-korgoshunga-uulandy.html
https://sputnik.kg/society/20210417/1052169043/kyrgyzstan-koronavirus-uu-korgoshun-ministr-maek.html
Теги: уу коргошун оорукана бейтап уулануу Бишкек
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.
5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.