Бийлик Жалал-Абаддагы стадион, бассейнди оңдоо үчүн ишкерлерге сунуш берди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүФутбол стадиону. Архив
Футбол стадиону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Бюджеттин тартыштыгынан улам мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен инвестиция тартуу пландалууда.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте бир нече объектини куруу жана оңдоо долбоорун ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлиги билдирди.
Аталган идея мамлекетке тиешелүү мүлктөрдү эффективдүү пайдалануу, эскирген инфраструктуралык объектилерди жана инфраструктуралык кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталганы айтылат.
"Бюджеттин чектелүү экенин эске алуу менен объектилерди куруу жана реконструкциялоодо мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен инвестиция тартуу пландалууда", — деп жазылат маалыматта.
Демонстрация новых моделей автобусов Lotos - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2021
Пресс-борбор
Мэрия инвесторлорду Бишкектеги жаңы каттамга автобус сатып берүүгө чакырат
Бул долбоордун алкагында Жалал-Абад шаардык стадионун капиталдык оңдоодон өткөрүү каралган. Мындан сырткары, калаадагы Консерва комбинатын жана спорттук бассейнди калыбына келтирүү талап кылынат.
Аталган долбоорлорго катышууну калаагандар болсо Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна кайрылуу сунушталат. Телефону: (0312) 66-47-83, электрондук дареги: pppgovkg@gmail.com
Жаңылыктар түрмөгү
0