Айыккандардан жуктургандар көп. COVID-19 боюнча жаңы статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Акыркы учурларда ооругандардын саны акырындык менен өсүп бара жатат. Вирус аныкталгандардын көбү Бишкек шаарынын тургундары.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бир суткада коронавирус 162 адамдан табылып, 82 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек — 112;
  • Чүй облусу — 39;
  • Ысык-Көл — 7;
  • Ош шаары — 1;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Ош облусу — 1;
  • Баткен облусу — 1.
Талас жана Нарын облустарында илдет жуктурган жаңы учур катталган эмес. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 88 700 киши коронавирус менен ооруган. Анын ичинен дартты 84 979 бейтап жеңген.
Бактыга жараша, өткөн суткада вирустан каза тапкандар катталган жок. Негизинен өлкөдө өлүм учурларынын саны 1 500гө жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары — 45;
  • Чүй облусу — 31;
  • Ысык-Көл облусу — 2;
  • Баткен облусу — 2;
  • Ош облусу — 1;
Учурда стационарда 564 бейтап жатса, 704 кыргызстандык амбулатордук дарыланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0