БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө бекети капиталдык оңдоодон кийин ачылды.
Ачылыш аземине Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты. Алар биргеликте билдирүү жасап, чек ара пунктун ачууга старт беришти.
Өткөрмө бекетин оңдоо иштери былтыр март айында башталган. Бул үчүн республикалык бюджеттен 305 миллион сом сарпталганы белгилүү болду. Анын ичинен курулуш-монтаждоо иштерине 225 миллион, техникалык жабдууларга жана эмеректерге 80 миллион сом коротулган.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов чек ара пунктунун оңдолушу кирип-чыккан жарандарга жана Кыргызстанга келген конокторго ыңгайлуу шарт түзөрүн белгиледи. Аны менен катар тейлөө сапаты жакшыртылып, өткөрүүнүн ылдамдыгы үч эсе жогорулатылганын айтты.
Айдоочулардын документин текшерүү үчүн сыртта өзүнчө кабиналар ачылган, ал эми жүргүнчү катары бараткан жарандар үчүн 19 паспорттук көзөмөл коюлган.
Белгилей кетсек, учурда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргыз-казак чек арасы толук ачыла элек. Мындан улам "Ак-Жол" чек ара бекети чектөөлөрдүн негизинде иштейт.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.
Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.
"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.
Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.
"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.