Кыргызстан президенти Садыр Жапаров

Жапаров өзгөчөлөнгөн 125 кыргызстандыкка мамлекеттик сыйлык тапшырды

(жаңыланган 15:19 02.04.2021)
Сыйланып жаткандардын арасында ар кыл тармактын өкүлдөрү бар. Жарлыкка экс-президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылдын 20-августунда кол койгон.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет жетекчиси өз сөзүндө быйыл Кыргызстан өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилей турганына токтолду.

  • Отличившиеся граждане Кыргызстана на церемонии вручения государственных наград президентом Садыром Жапаровым
    Президент Садыр Жапаров ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров на торжественной церемонии вручения государственных наград отличившимся гражданам
    Мамлекет жетекчиси өз сөзүндө быйыл Кыргызстан өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилей турганына токтолду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Отличившиеся граждане Кыргызстана на церемонии вручения государственных наград президентом Садыром Жапаровым
    Анын айтымында, өлкөнүн отуз жыл ичиндеги саясий тарыхы ар кандай окуяларга бай болду, бирок кыргыз эли башкы максаттан — мамлекеттүүлүктү чыңдоо мүдөөсүнөн тайбай, тынбай изденүүдө
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Отличившиеся граждане Кыргызстана на церемонии вручения государственных наград президентом Садыром Жапаровым
    Калктын ушу тапта көксөгөнү стабилдүүлүк, тартип жана өнүгүү деди президент
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Государственные награды для вручения отличившимся гражданам президентом Садыром Жапровым
    Сыйланып жаткандардын арасында академиктер Дүйшө Кудаяров, Мамбет Мамакеев, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, жазуучулар Самсак Станалиев менен Советбек Байгазиев жана башкалар болду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Отличившиеся граждане Кыргызстана на церемонии вручения государственных наград президентом Садыром Жапаровым
    Жапаров, ошондой эле, коронавирус пандемиясына каршы турууда өз өмүрүн тобокелге салып, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн алпурушкан ак халатчандардын каармандыгын өзгөчө баса белгиледи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 6
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

Анын айтымында, өлкөнүн отуз жыл ичиндеги саясий тарыхы ар кандай окуяларга бай болду, бирок кыргыз эли башкы максаттан — мамлекеттүүлүктү чыңдоо мүдөөсүнөн тайбай, тынбай изденүүдө. Калктын ушу тапта көксөгөнү стабилдүүлүк, тартип жана өнүгүү деди президент.

"Өлкө башчысы сыйланып жаткандардын арасындагы саламаттык сактоонун, эл агартуунун, илим-билимдин, айыл чарбасынын, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн сиңирген эмгегин канааттануу менен белгиледи. Президент алардын эмгеги кандай гана заман, кандай гана бийлик болбосун, замандаштарга үлгү, келечек муун үчүн өрнөк болорун кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.

Сыйланып жаткандардын арасында академиктер Дүйшө Кудаяров, Мамбет Мамакеев, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, жазуучулар Самсак Станалиев менен Советбек Байгазиев жана башкалар болду.

Жапаров, ошондой эле, коронавирус пандемиясына каршы турууда өз өмүрүн тобокелге салып, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн алпурушкан ак халатчандардын каармандыгын өзгөчө баса белгиледи.

Кыргызстан аялдар конгресси аялдардын эл аралык күнүн утурлай салтанаттуу кече уюштурду
© Фото / пресс-служба Конгресса женщин Кыргызстана
Мындан сырткары, ал маданият менен адабият чөйрөсүнүн таланттуу уул-кыздары кол куушуруп отурбай, улуттун урматы үчүн кара жанын карч уруп, чаалыкпай мээнеттенип келишкенине, рухий дөөлөттөрдү жаратууга салымын кошуп турушканына токтолду.

Белгилей кетсек, мамлекеттик сыйлыктар 125 адамга тапшырылды. Алардын арасында врачтар, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана башкалар бар.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыктарга 2020-жылдын август айында кол коюлган.

Белгилер:
жарлык, Сооронбай Жээнбеков, наам, сыйлоо, Садыр Жапаров, сыйлык
Тема боюнча
Бишкекте милиционерлердин жубайлары "Офицердин жары" медалы менен сыйланды
Жапаров Соттук реформа боюнча кеңешти жоюп, башкасын түздү. Курамы
Садыр Жапаров дагы бир жетекчиге генерал наамын берди
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана COVID-19 жок саякатта долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Марипов авиабилеттерди арзандатуу боюнча кеңешме өткөрүп, тапшырма берди

(жаңыланган 20:06 10.04.2021)
Өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгы айтылат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бир катар мамлекеттик ведомстволордун чабал ишинин натыйжасында чет өлкөгө бараткан жарандарга негиздеме жасоо бизнеске айланды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Ал бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов провел совещание по вопросу снижения цен на авиабилеты и реализации проекта Путешествий без COVID.
    Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов провел совещание по вопросу снижения цен на авиабилеты и реализации проекта Путешествий без COVID.
    Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
"Сиздердин аракетсиздигиңерден улам сапарга чыгууга муктаждыкты тастыктоочу "негиздеме" документти айрым ишкерлер бизнеске айлантып алды. Долбоорду 1-апрелден тарта ишке киргизишиңер керек эле. Биздин жарандар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЦР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок эки лаборатория гана аталган анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?" — деп сурады Марипов.

Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.

Аны менен катар премьер-министр анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүгө тапшырма берди.

Бул маселе өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын кошумчалаган.

Белгилер:
лаборатория, арзандатуу, авиабилет, Улукбек Марипов, өкмөт
Тема боюнча
Кыргызстандын жарандары Россияга негиздемеси жок кириши мүмкүн
Жапаров: Россияга каттаган рейстер менен авиабилет баасын өз көзөмөлүмө алдым
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архивдик сүрөт

Мээрим Жуманазарова Олимпиадага жолдомо ойнотулган мелдештен күмүш байге утту

(жаңыланган 19:41 10.04.2021)
Мээрим Жуманазарова алгачкы кармашында эле кытайлык кыз менен кез келип жеңилип калган болчу. Кийинки баскычтарда өзүнүн мыкты экенин көрсөтүп, финалдык баскычка жетти.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган мелдеште күмүш медаль утту. Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүүдө.

68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип калды.

Кыргызстандык балбан кыз жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде, таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин чейрек финалда казакстандык атаандашы Жамила Бакбергенованы 10:3 эсебинде жеңген.

Эскерте кетсек, мелдеш ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Турнирдин финалына чыккан атлеттерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.

Буга чейин 76 килограмм салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы бардык атаандаштарын утуп, чемпион болгон.

Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.

Кечээ грек-рим балбандарынын арасында таймаш жүрүп, ата мекендик спортчулар Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм) жана Үзүр Жузупбеков Токио Олимпиадасына жолдомо алышкан.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 12 лицензия болду. Буга чейин балбан Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов жолдомо алышкан.

Белгилер:
финал, мелдеш, лицензия, олимпиада, Мээрим Жуманазарова, күрөш
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Жеңилип, кайра өзүн колго алган Мээрим да Олимпиадага жолдомо утту. Видео
Сүйүнчү! Айпери каршылаштарын баш көтөртпөй жеңип, Олимпиадага жолдомо алды