Киши портфель менен. Архив

ТИМ кызматкеринин өлүмү. Ооруканадагы төрт киши убактылуу иштен четтетилди

(жаңыланган 22:59 02.04.2021)
Саламаттык сактоо министрлиги окуяга кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлады.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакировдун өлүмүнө байланыштуу Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси, башкы дарыгер, лор бөлүмдүн башчысы  жана медайым убактылуу кызматтан кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, кечээ ТИМ Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканын билдирген. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Шакиров Эне жана баланы коргоо борборуна дарыларын көтөрүп барып асма ийне жана укол алгандан кийин көз жумган.

Саламаттык сактоо министрлиги окуяга кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлап, иликтөө аягына чыкканга чейин оорукана жетекчиси, башкы дарыгер, лор бөлүмүнүн жетекчиси жана медайым иштен кеткенин билдирди.

"Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин күнөөлүүлөргө чара көрүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкы болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.

Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген. Министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин таппаганын, акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болорун маалымдады

Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги такталбаган мындай маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүп жатканын билдирген.

Белгилер:
КР Саламаттык сактоо министрлиги, кызмат, өлүм, кызматкер, ТИМ
Тема боюнча
Орозо кармагандар коронавируска каршы эмделсе болобу? Муфтияттын жообу
Министр Бейшеналиев: вакцинанын кесепети болсо жоопкерчиликти өзүм алам
Гамалея борбору COVID-19га каршы вакцинаны модернизациялоо жолун тапты
Кыз Ысык-Көл тамырын бөтөлкөсүн сүрөткө тартып жатат

Акониттин кайнатмасы мамлекеттик резиденцияда жасалат. Видео

(жаңыланган 23:42 16.04.2021)
Президенттик аппараттан аконит кайнатмасын даярдоочу имарат толук тазаланганын жана тийиштүү деңгээлде жабдылганын билдиришти.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн жасалуучу "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жасалат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Мамлекеттик резиденцияда атайын имарат бөлүнүп берилди, ал толук тазаланган жана талаптагыдай жабдылган. Кайнатма чөп ошол жерден жасалат, атайын жабдуу бар. Ал жерде медицина кызматкерлери бар, министр өзү да катышууда. Медиктер 300дөй ыктыярчыны дарылап сакайтты. Саламаттык сактоо министри өзү бул аракетти колдоп, акырындык менен пайдаланылып жатат", — дешти президенттик аппараттан.

Алар кайнатма чөп кустардык ыкма менен куюлбай турганын белгилешти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

Буга чейин Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында дарыгерлер коронавирустун башталгыч стадиясындагы бейтаптарды айыктыруунун ыкмасын тапканы боюнча билдирүү таратылган. Бүгүн саламаттык сактоо министри суюктук жөнүндө айтып, аны түз эфирден ичти.

"Ысык-Көл тамыры" уусу күчтүү чөптөрдүн катарына кирет. Тажрыйбалуу медиктер коронавирустан мурда бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунушташууда.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, уу коргошун, дары, коронавирус, чөп
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун коронавирусту сакайта алабы. Россиялык адистин пикири
Бишкекте киши уу коргошунга ууландыбы? Дарыгерлердин жообу
Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев

Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе

(жаңыланган 23:06 16.04.2021)
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев Кыргызстанда музыка таануучулардын, талдоочулардын саны жокко эсе экендигин айтты.

Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе

Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.

"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби  — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.

Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.

Белгилер:
искусство, саясат таануучу, музыка, композитор, Муратбек Бегалиев
Тема боюнча
Рыспай Абдыкадыровдун тун кызы Алтынчач: атамдын каза болгонун теледен уккам