Орозо кармагандар коронавируска каршы эмделсе болобу? Муфтияттын жообу

© AFP / DARREN STAPLESЭмдөө алдында аял медициналык кызматкер менен сүйлөшүп жатат. Архив
Эмдөө алдында аял медициналык кызматкер менен сүйлөшүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Муфтият эмдөөдөн өтүү чечимин ар ким өзү вакцина жөнүндө маалыматтар менен таанышкандан кийин кабыл алуусу керек деп эсептейт.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы орозо маалында коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө тыюу салбайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу билдирди.
Анын айтымында, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү ар бир жарандын өз эрки болушу керек. Эгер эмдөө орозо айына туура келсе эч нерсе болбойт.
"Эмдөөдөн өтүү маселесин ар бир адам өзү чечиши керек. Муфтият жарандардын эмделишине тыюу салган чечим чыгарган жок. Муну ар ким өзү вакцина жөнүндө маалыматтар менен таанышып, анын натыйжасына карап чечиши керек. Эмдөөдөн өтүү чечимин кабыл алгандардын убактысы орозо айына туш келип калса, буга дагы эч кандай тыюу салынган эмес", — деди Токтогазы уулу.
Муфтият быйыл Орозо айы 13 же 14-апрелге туш келерин айткан. Sputnik Кыргызстан агенттиги Орозонун календарын жарыялады.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0