Россиянын жана Кыргызстандын мамлекеттик желектери. Архив

2020-жылы ыктыярчылар өз күчүн көрсөттү. КРдеги россиялык мекендештер тууралуу

(жаңыланган 22:42 02.04.2021)
Конференциянын алкагында мекендештердин Координациялык кеңеши резолюция кабыл алып, бир жылдык планын түзүшкөн.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстандагы россиялык мекендештердин "Кыргызстан жана Россия — кызматташуунун жаңы форматтары" аттуу XII конференция өттү.

Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймагынан активисттер чогулган.

  • В Бишкеке прошла XII страновая конференция российских соотечественников Кыргызстан и Россия — новые форматы сотрудничества
    Бишкекте Кыргызстандагы россиялык мекендештердин "Кыргызстан жана Россия — кызматташуунун жаңы форматтары" аттуу XII конференция өттү
    © Фото / Российский центр науки и культуры в Бишкеке
  • В Бишкеке прошла XII страновая конференция российских соотечественников Кыргызстан и Россия — новые форматы сотрудничества
    Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймагынан активисттер чогулган
    © Фото / Российский центр науки и культуры в Бишкеке
  • В Бишкеке прошла XII страновая конференция российских соотечественников Кыргызстан и Россия — новые форматы сотрудничества
    Алардын ар биринин аркасында ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлору бар
    © Фото / Российский центр науки и культуры в Бишкеке
  • Посол РФ Николай Удовиченко выступает на XII страновой конференции российских соотечественников Кыргызстан и Россия — новые форматы сотрудничества
    Катышуучуларды Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко тосуп алган
    © Фото / Российский центр науки и культуры в Бишкеке
1 / 4
© Фото / Российский центр науки и культуры в Бишкеке
Бишкекте Кыргызстандагы россиялык мекендештердин "Кыргызстан жана Россия — кызматташуунун жаңы форматтары" аттуу XII конференция өттү

Алардын ар биринин аркасында ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлору бар. Катышуучуларды Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко тосуп алган. Ал Россия менен Кыргызстан өнөктөш экенин белгилеп, Россиянын өлкөгө жасаган колдоосу жана мекендештердин жумушун координациялап, колдоо боюнча жаңы долбоорлор тууралуу айтып берген.

Кыргызстандагы россиялык мекендештер кеңешинин төрагасы Александр Степанюк өлкөдө жасалган иштерге жогорку баа берип, мекендештердин эки жыл ичинде кандай маанилүү иштерди бүтүрүп, кайсы иш-чараларды өткөргөнүнө токтолду.

"Кичинекей мамлекет дүйнөлүк аянтта татыктуулардын катарында. Башкалар бизден үлгү алып жатканын көп угам. Ар өлкөнүн эли кандай иштеп жатканыбызды карап турат. Активисттер жумушту 100 пайыз аткаргандыктан, ушундай жыйынтыкка жеттик. Пандемия учурунда эрдик кылган ыктыярчылардын жумушун да баса белгилегим келет. Көп адамдын ажаатын ачкан мындай кишилер менен сыймыктанам", — деген ал.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилени өнүктүрүүгө салым кошкон кыргызстандыктар атайын сыйлыктар менен сыйланышкан. Россиялык мекендештердин жаштар кеңешинин төрайымы Ольга Фролова мамилени өнүктүрүүдөгү артыкчылыктарды да атап кеткен.

"Кыргызстан менен Россияны байланыштырып турган иш-чараларды дагы да өткөрө бермекчибиз. 2020-жыл оңой болгон жок, бирок мамлекеттер кызматташып турду. Мындай иш 2021-жылы да улантылат", — деди Фролова.

Конференциянын алкагында Координациялык кеңеш резолюция кабыл алып, бир жылдык план түздү. Алар:

  • Кыргызстан менен Россиянын өз ара алакасын бекемдөө;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата даярдык көрүү;
  • Россиялык мекендештердин жаштар кеңешинин ишмердүүлүгүн колдоо;
  • Өлкөдө Кыргыз-Россия бизнес-долбоорлорун ишке ашырууга өбөлгө түзүү.
Тема боюнча
Жапаров: Россияга каттаган рейстер менен авиабилет баасын өз көзөмөлүмө алдым
Аз камсыз үй-бүлөлөргө таратылат. Россиядан Кыргызстанга 474 тонна ун келет
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт

Жума күнүнө карата аба ырайы

23-апрелге караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасы кантип жеткирилди. Видео

(жаңыланган 20:54 22.04.2021)
Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасы жеткирилди. 20 миң доза жүктөлгөн учак эл аралык "Манас" аба майданына конду.

Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.

"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.

Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.

"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.

Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, Артем Новиков, Николай Удовиченко, Спутник V, вакцина, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Министр: COVID боюнча жаңы учурдун жарымы вирустун жаңы штаммы болуп чыкты
Дүкөндөгү кумшкекер. Архив

ЕЭК Кыргызстанга шекерди бажы алымысыз алып келип турууга уруксат берди

(жаңыланган 23:58 22.04.2021)
Тарифтик жеңилдик 15-майдан 30-сентябрга чейин болот. Натыйжада Кыргызстанга 40 миң тоннадан ашык кумшекер бажы алымы жок келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Тарифтик жеңилдик 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин болот. Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга 134,4 миң тонна, Кыргызстанга 40 миң тонна, Россияга 350 тоннадан ашык эмес өлчөмдө ташылып келген кумшекер бажы алымынан бошотулат.

ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун  бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.

Белгилер:
импорт, Кумшекер, бажы, чечим, комиссия, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери
Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар