Ош аэропорттун жанында жоокерлер. Архив

Жапаров 2010-жылкы июнь окуялары боюнча материалдарды изилдеп чыгууну тапшырды

(жаңыланган 22:20 02.04.2021)
2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык чыр чыгып, жүздөгөн жарандар каза болуп, миңдеген киши жаракат алган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине 2010-жылы болгон окуялар боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Чек арачылар. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске салсак, 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык чыр чыгып, жүздөгөн жаран каза болуп, миңдеген адам жаракат алган.

Мамлекет башчы жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында мамлекеттик органдар кабыл алган чечимдер тууралуу маалымат берип турууну тапшырды. Ошондой эле мыйзамдуулукту жана объективдүүлүктү сактоо менен тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тапшырмасы берилген.

Белгилер:
тапшырма, изилдөө, Июнь окуясы, Ош, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жапаров ЮНЕСКО директорун КРдеги чокуга чыгууга чакырып, макулдугун алды
Жапаров: Россияга каттаган рейстер менен авиабилет баасын өз көзөмөлүмө алдым
Фуражка сотрудника милиции. Архивное фото

Айзада киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган 3 милиционер жазаланды

(жаңыланган 22:32 20.04.2021)
Анын ичинде кылмыш катталган жерге медициналык кол капты таштап салуу фактысы боюнча да иликтөө жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.

Ким кандай жаза алды:

  • Аламүдүн РИИБдин жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенанты А. Экеевге катуу сөгүш;
  • Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жетекчиси, милициянын майору К. Самаевге катуу сөгүш;
  • Аламүдүн РИИБдин Криминалдык топту коштоп жүрүүчү инспектор-криминалист, милициянын капитаны М. Янванчиновго кызматына дал келбестиги боюнча эскертүү.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. https://sputnik.kg/incidents/20210406/1052029607/bishkek-kyz-ala-kachuu-militsiya.html Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. https://sputnik.kg/incidents/20210407/1052037063/ala-kachuu-kyz-shektuu-olum.html Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган. https://sputnik.kg/society/20210410/1052066390/ajzadanyn-olumu-miliciya-kyzmatkeri-zhaza.html

Аялдар кол чатыр менен жаан учурунда. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

21-апрелге караган түнү аба ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланары болжолдонду.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас өрөөнүндө +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +9…+14 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбордо +7…+9, Ош шаарында +9…+14 градус болот.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Түштүк аймакта сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты