Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКумшекер. Архив
Кумшекер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Жазылуу
Кыргызстан өзүн кумшекер менен 56 пайызга камсыздай алат. Буга чейин Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда бул товардын кымбаттап жатышына өндүрүүчү өлкөлөрдө баалардын көтөрүлүшү себеп болгонун айткан.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн катарына кирген кумшекер бир ай ичинде 7,2 пайызга кымбаттап, учурда орточо баасы 64,36 сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Ал эми өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу канттын баасы 19 пайызга жогорулады.
Ош базардагы азык-түлүк контейнери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Күчкө салуу менен чечилбейт. Өкмөттүн бааны чектөө саясатынын күнгөй-тескейи
Учурда кумшекерди баарынан кымбат Исфана (бир килограмм үчүн 69,33 сом), Жалал-Абад (67,84 сом), Ноокат (67,39 сом), Кара-Суу (67,33 сом) жана Баткен (67,21 сом) шаарларынын тургундары сатып алып жатат. Ал эми минималдуу баалар Токмок (бир килограмм үчүн 60,67 сом), Талас (60,89 сом) жана Нарын (61,94 сом) шаарларында катталды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан өзүн кумшекер менен 56 пайызга камсыздай алат. Буга чейин Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда бул товардын кымбаттап жатышына өндүрүүчү өлкөлөрдө баалардын көтөрүлүшү себеп болгонун айткан.
Бааларды ооздуктоо үчүн Экономика жана финансы министрлиги кумшекер менен өсүмдүк майын сатып алууга 318,4 миллион сом бөлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0