Бишкек, Чүйдө көбөйүүдө. Коронавирустан 2 бейтап каза болуп, 142 адам жуктурду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОорканадагы дарыгер. Архив
Оорканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Жазылуу
Акыркы сутка ичинде 4 289 ПЦР изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда ооруканаларда 582 бейтап жатат, алардын ичинен 23 киши өтө оор абалда.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде өлкөдө 142 адам COVID-19 жуктурганы аныкталып, ошол эле маалда 98 бейтап айыгып чыкты.  
Ал эми Бишкек шаарында коронавирустан эки адам көз жумду, ушуну менен бул илдеттен каза тапкандардын саны 1 502ге жетти.
Жаңы катталган учурлар:
Бишкек – 90;
Чүй облусу – 44;
Ысык-Көл облусу – 7;
Баткен облусу – 1.
Бүгүнкү статистиканы кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 88 842 адам COVID менен ооруганы белгилүү болду.
Сакайып чыккандар:
  • Бишкек – 49;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 35;
  • Ош облусу – 5;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Баткен облусу – 1.
Ушуну менен коронавирусту жеңген кыргызстандыктардын саны 85 077ге жетти.
Акыркы сутка ичинде 4 289 ПЦР изилдөө жүргүзүлгөн.
Ооруканаларда 582 бейтап жатат, алардын ичинен:
  • 115 – оор абалда;
  • 23 – өтө оор абалда.
Үй шартында медиктердин көзөмөлүндө 729 адам дарыланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0