БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкекте COVID-19 жуктурган бейтаптарды кабыл алган үч ооруканада 111 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Маалымат бүгүн саат 8:00гө карата алынган:
Кошумча маалыматты стационарлардын картасынан тактоого болот.
Өткөн суткада Кыргызстанда 142 киши жуктуруп, 98 адам сакайып чыкты. Тилекке каршы, Бишкекте эки бейтап көз жумду.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.
Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.
"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.
Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.
"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.