БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бюджетке кошумча каражат тартуу үчүн автоунаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат берүү каралууда. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыкканда билдирди.
Анын айтымында, учурда өкмөттө бул боюнча сунуштар даярдалып жатат.
"Буга чейин да көп талкуу болгон. Автоунаалардын терезесин караңгылатуудан бюджетке кошумча каражат алып келсе болот. Ушул жаатта биз сунуштарды даярдап жатабыз. Жакынкы аралыкта токтом долбоору Жогорку Кеңешке киргизилет. Кээ бир өлкөлөрдө маселе ушундай чечилген", — деди Марипов.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Экономика министрлиги автоунаалардын алдыңкы жана капталдагы терезелерин караңгылатуудан акы алуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга коюлган.
Бирок ошол кездеги өкмөт бул "Коопсуз шаар" долбоорунун ишине залакасын тийгизет деген жүйө менен четке кагып келген. Себеби камералар телефон менен сүйлөшүп бара жаткандарды жана коопсуздук курун тагынбагандарды каттай турганы айтылган.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров анафилактикалык шоктон каза болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Парламент сабактары" берүүсүндө билдирди.
Белгилей кетсек, дипломат 1-апрель күнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумган. Министр анын өлүмүнүн диагнозу соттук-медициналык экспертизада далилденгенин билдирди.
"39 жаштагы ТИМ кызматкерин жаш балдардын жанына жаткырып, антибиотик сайган. Ал анафилактикалык шоктон каза болуптур. Ошон үчүн ал оорукананын директорун, башкы дарыгерин, антибиотик сайылган лор бөлүмүнүн башчысын жана медайымды тергөө бүткөнгө чейин жумуштан бошоттум. Себеби мындай кырсык болбошу керек эле. Биринчиден, кичинекей балдар жаткан жерге алып барып тамчылатма ийне саюу — чоң ката. Экинчиден, антибиотик сайганда алдын ала текшерип көрүш керек болчу", — деди Бейшеналиев.
Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкылардан болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.
Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги такталбаган мындай маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүп жатканын билдирген.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган. 1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды.
"Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", — деп айтылат маалыматта.
"Унаа" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шералиевдин айтымында, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.