Менеджер Эсеналиева: ырчылар шарт жок жерде фонограмма менен ырдашы керек

© Фото / Тилек БекболотовМенеджер Миргүл Эсеналиева
Менеджер Миргүл Эсеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Жазылуу
Шоу-бизнес чөйрөсүндө Миргүл Эсеналиева деген ысым көп жылдан бери таанымал. Менеджер айым Анжелика, Арсен, Бактыгүл Бадыева менен кызматташса, учурда Омар, Толгонай Арзыкеева, Бек Исраилов, Тамга менен иштешет.
Адатта иштешкен ырчыларын маекке жиберген Миргүл Эсеналиеванын өзүн кепке тарттык. Ал жумушу жана үй-бүлөсү тууралуу биринчи жолу маек берип жатканын белгиледи.
— Жылдыздар чөйрөсүнө кандайча аралашып калдыңыз?
— 2007-жылы досторум, ырчылар Неля менен Урматтын чыгармачылык жаатындагы жумуштарын бүтүрүшүп, жардам берип калчумун. 2008-жылы Омар менеджер катары иштешүүнү сунуштады. Бир жылдан кийин ал мени Арсен менен тааныштырып, чогуу иштей баштадык.
Жалпысынан ондон ашуун ырчы менен иштештим. Алардын арасында Анжелика, Кундуз Канатбек кызы, Жанэль, Бактыгүл Бадыева, Максат Бегалиев, Толгонай, Бек Исраилов, Style Mix тобу, Тамга жана башкалар бар.
© Фото / Atageldi ShermamatovЭсеналиева: уюштуруучулукка бала кезимин эле жакын экенмин. Мисалы, туулган күнгө бара турган болсок каржы жагын чече калчу элем
Менеджер Миргуль Эсеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эсеналиева: уюштуруучулукка бала кезимин эле жакын экенмин. Мисалы, туулган күнгө бара турган болсок каржы жагын чече калчу элем
— Өзүңүз кайсы кесиптин ээсисиз?
— Уюштуруучулукка бала кезимин эле жакын экенмин. Мисалы, туулган күнгө бара турган болсок каржы жагын чече калчу элем. Мектепти аяктаганда Кыргыз экономикалык университетинин менеджмент жана ишкерлик факультетинин туризм чөйрөсү менен мейманкана сервисинин менеджери адистигин бүтүргөм. Башында кесибим боюнча иштеп жүрдүм.
— Омар менен узак убакыттан бери иштешип келе жатканыңыздын сыры эмнеде? Ал эми Анжелика жана Арсен менен эмнеге кызматташпай калдыңыз?
— Омар менен иштешкениме 14 жылга чукулдап, бир туугандай эле болуп калдык, бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнөбүз. Өзү менеджер менен кызматташуудан баш тарта элек.
Анжелика абдан кыйын кыз, азыр өзү таланттуу балдардын тобун ачып продюсер болуп жүрөт. Расмий иштешпесек дагы жардам берип турам.
Арсен менен 12 жыл иштедим, ал өз алдынча болуп калды. Келишимибиз бүткөндөй кийин мен жеке жашоого дагы көңүл бурайын деп узарткан жокпуз. Негизи эле жумушка берилип кетиптирмин. Азыр ишке дагы, жеке жашоомо дагы убакытты теңме-тең бөлүштүрдүм. Арсен менен мамилебиз мурдагыдай эле жакшы.
© Фото / Чолпон СулаймановМенеджер айым Анжелика, Арсен, Бактыгүл Бадыева менен кызматташса, учурда Омар, Толгонай Арзыкеева, Бек Исраилов, Тамга менен иштешет
Менеджер Миргуль Эсеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Менеджер айым Анжелика, Арсен, Бактыгүл Бадыева менен кызматташса, учурда Омар, Толгонай Арзыкеева, Бек Исраилов, Тамга менен иштешет
— Сиз менен иштешкиси келген ырчылар көп болсо керек, кандай шартта макулдук бересиз?
— Ооба. Бирок бир убакта төрт-беш адам менен гана иштеше алат экенмин. Андан көп болсо убакыт бөлө албай калчудаймын. Бирок кайрылгандарга колдоомду аябай, колумдан келишинче жардам бергенге аракет кылам.
Айрымдары менен келишим түзүп, кээси менен түзбөй эле иштейм. Келишимде бир катар талаптар жазылган. Ырчынын талантынан тышкары адамдык мамилеси дагы маанилүү. Бири-бирибизди түшүнүшүп, сунуштарыбызды угуп иш кылган жеңил болот.
— Менеджер менен иштешүүнүн кандай артыкчылыгы бар?
— Ар бир ырчынын менеджери болушу керек деп ойлойм. Ырчылар ырларын жазып, чыгармачылыгы менен алпурушушу зарыл. Анын эмгегин элге жайылтууга, өзүн таанытууга менеджер жардам берет. Түйшүктүн бардыгын ырчы өзү алса кыйын болуп калат.
© Фото / из личного архива Миргуль ЭсеналиевойЭсеналиева: ырчынын талантынан тышкары адамдык мамилеси дагы маанилүү. Бири-бирибизди түшүнүшүп, сунуштарыбызды угуп иш кылган жеңил болот
Менеджер Миргуль Эсеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эсеналиева: ырчынын талантынан тышкары адамдык мамилеси дагы маанилүү. Бири-бирибизди түшүнүшүп, сунуштарыбызды угуп иш кылган жеңил болот
— Журналисттер "Шоу-бизнес өкүлдөрүнө караганда өлкөнүн биринчи адамдарына байланышуу оңой" деп кер какшык, тамаша менен айтып калышат. Эмне себептен айрым ырчылар ЖМК өкүлдөрүнө жоопкерчиликсиз мамиле жасашат деп ойлойсуз?
— Жалпы ырчылар үчүн жооп бергеним туура эмес болуп калат го. Мен журналисттер менен ачык эле сүйлөшөм. Иштешкен ырчыларды интервьюга чакырса шартыбызга жараша варианттарды сунуштап, чакырган жерине барып же интернет аркылуу бергенге аракет кылабыз. Сизге деле ишиме байланыштуу онлайн жооп берип жатам.
— Айрым ырчылар фонограмма менен ырдайт, Instagram жана TikTok тармагында эле жылдыз деп сын айткандар бар. Шоу-бизнести ичинен билген киши катары буга кандай жооп бересиз?
— Ырчы фонограмма менен айрым жагдайларга байланыштуу ырдашы керек. Мисалы, кээ бир жерде аппаратура начар болуп, бул ырчынын үнүнө терс таасирин тийгизет. Ырчыны үнү багат, ага аяр мамиле жасашы керек. Мен кызматташкан ырчылар шарт бар жерде минусовка менен жандуу ырдашат.
Ырчыларды чыгармачылыгына жараша баалаш керек деп ойлойм. Ошол эле учурда социалык тармактын тилин таап, өзүн таанытып жаткандарга каршы эмесмин.
© Фото / Чолпон СулаймановЭсеналиева: ар бир ырчынын менеджери болушу керек деп ойлойм. Ырчылар ырларын жазып, чыгармачылыгы менен алпурушушу зарыл
Менеджер Миргуль Эсеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эсеналиева: ар бир ырчынын менеджери болушу керек деп ойлойм. Ырчылар ырларын жазып, чыгармачылыгы менен алпурушушу зарыл
— Той-кечелерде кызмат көрсөтүү ырчылар үчүн кирешелүү экенин билебиз. Коронавирус пандемиясы аларга кандай таасирин тийгизди?
— Жумуш токтоп калганы сезилди. Бирок ошого карабастан кайрымдуулук иштерин да жасап жаттык. Ырчылардын чыгармачылыктан тышкары чакан бизнестери бар, ошолор менен жан багып жатты десем болот.
— Өзүңүз дагы обон созуп каласызбы?
— Кээде караокелерге барганда ырдайм. Омар "Микуся, угууң жакшы" деп калат. Атам Кубанычбек Эсеналиев аккордеондо ойнойт, "Шайыр апалар" берүүсүнө чыгып калат. Талант атамдан берилсе керек.
© Фото / Чолпон СулаймановЭсеналиева: ата-энем Нарындан болот. Атам Жумгалдын Дыйкан айылынан, апам Кызарттан. Өзүм Бишкекте эле чоңойгом. Эч нерседен кем кылбай өстүрүштү, балалыгым бактылуу өткөн
Менеджер Миргуль Эсеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эсеналиева: ата-энем Нарындан болот. Атам Жумгалдын Дыйкан айылынан, апам Кызарттан. Өзүм Бишкекте эле чоңойгом. Эч нерседен кем кылбай өстүрүштү, балалыгым бактылуу өткөн
— Үй-бүлөңүз, жеке жашооңуз тууралуу айта кетсеңиз?
— Ата-энем Нарындан болот. Атам Жумгалдын Дыйкан айылынан, апам Кызарттан. Өзүм Бишкекте эле чоңойгом. Эч нерседен кем кылбай өстүрүштү, балалыгым бактылуу өткөн.
Жеке жашоомдо абдан бактылуумун, Кудайга шүгүр.
— Жол кырсыгына кабылганыңызды, анын айынан блефаропластика жасатууга аргасыз болгонуңузду жазгансыз. Ушул эки учур тууралуу айтып берсеңиз?
— 2010-жылы Омар, Арсендер менен жол кырсыгына кабылганбыз. Бир көзүмдүн терисинин үстү жабыркаган, ал жер жакшы тигилбей калгандай сезиле берчү. Кийинчерээк көздөрүм бири-биринен айырмалана баштады, эл адамы болгондон кийин кебетеңди жакшы алып жүрүшүң керек да. Пластикалык хирургга барсам блефаропластика кылабыз деди, аны деле жакшы түшүнчү эмесмин. Көздүн үстүңкү этин кесип, сурма кылып тигет экен. Намаз окугандардан шарыят боюнча туурабы деп сурадым. Сулуулук үчүн эмес, ден соолугуң үчүн зарыл болсо кылсаң болот деди. Бирок аварияда айрылган көзүм азыр деле чоңураак болуп турат. Муну талкуулаган айрым интернет колдонуучуларга таң калам.
© Фото / из личного архива Миргуль ЭсеналиевойЭсеналиева: ырчы фонограмма менен айрым жагдайларга байланыштуу ырдашы керек. Мисалы, кээ бир жерде аппаратура начар болуп, бул ырчынын үнүнө терс таасирин тийгизет
Менеджер Миргуль Эсеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эсеналиева: ырчы фонограмма менен айрым жагдайларга байланыштуу ырдашы керек. Мисалы, кээ бир жерде аппаратура начар болуп, бул ырчынын үнүнө терс таасирин тийгизет
— Сулуулугуңузга, дене боюңузга кантип кам көрөсүз?
— Ар бир айым өзүнчө сулуу, ошон үчүн адам өзүн жакшынакаймын деп эсептеши керек. Мен боёнуучу каражаттарга караганда кам көрүүчү косметикаларды көп алам. Той-кечелерге барарда гана сулууланбасам, жашоодо боёксуз жүргөнгө аракет кылам. Салмак кошуп баратканымды байкасам тамакты мүнөздөп ичип, спорт залга барып турам.
Жаңылыктар түрмөгү
0