БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Алдын ала божомол боюнча, каза болгон Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркачу. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дипломаттын өлүмүн изилдөө боюнча түзүлгөн комиссиянын башчысы Амантур Жумаев билдирди.
Анын айтымында, соттук-медициналык экспертизанын өкүлдөрү анализ алуу үчүн 2-апрель күнү сөөктү ачышкан.
"Негизи изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат. Бирок аларга бул ишти эки жумада бүтүрүү тапшырмасы берилди. Жүрөк-кан тамыр оорусу — бул алдын ала айтылган эле божомол. Учурда дипломаттын өлүмү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде өзүнчө, ооруканада башка комиссия иштеп жатат", — деди Жумаев.
Эске салсак, кечээ ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумган. Буга байланыштуу аталган оорукана жетекчиси баш болуп, башкы дарыгер, лор бөлүмүнүн башчысы жана медайым убактылуу кызматтан четтетилген.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин күнөөлүүлөргө чара көрүлөрү айтылган.Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкылардан болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.
Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген. Министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин таппаганын, акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болорун маалымдады.
Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги такталбаган мындай маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүп жатканын билдирген.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Кабарды Sputnik агенттигине жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тастыктады.
Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак.
Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.
Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов экөөнүн Ширин жана Эльдар аттуу балдары бар.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте уу коргошунга ууланган факты катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тез жардам кызматынан билдиришти.
Ыкчам медицина кызматы окуянын чоо-жайын бир аздан кийин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлай турганын маалымдады.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.