БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде өлкөдө 172 киши COVID жуктурганы аныкталып, төрт адам көз жумуп, 87 бейтап айыгып кетти. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
"Бишкекте үч, Чүй облусунда бир адам каза тапты. Стационарда 119 киши оор, 29 бейтап өтө оор абалда жатат", — деп айтылган маалыматта.
Бир сутка ичинде коронавирусту жуктуруп алгандар:
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Акыркы сутка ичинде 2497 ПЦР-изилдөө жүргүзүлгөн.
Кыргызстан боюнча бүгүнкүгө чейин коронавирус менен 89 014 адам ооруп, алардын ичинен 85 164 бейтап айыгып кеткен.
Учурда амбулатордук дарыланууда 768 бейтап бар.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар бир катар азыктар жүрөк-кан тамыр ооруларынын өрчүү тобокелчилигине алып келерин анализдеп чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, аталган азыктардын тизмесин жарыялады.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, өлүмгө дуушар кылышы ыктымал деген азыктардын катарына шоколад, таттуу-тарапа, май, ак нан жана таттуу суусундуктар кирген.
Диетанын жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүм тобокелчилигине тийгизген таасирин аныктоо үчүн Оксфорд университетинин окумуштуулары Австралия, Кытайдагы кесиптештери менен атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү анализдеп чыгышкан.Ал үчүн Улуу Британиядагы 37 жаштан 73 жашка чейинки 116 806 кишинин анализдери каралган. Илимпоздор жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүмгө кептей турчу тамактануу стилин экиге бөлүшкөн. Биринчиси — шоколад, кондитер азыктары, май, ак нан болсо, экинчиси — таттуу алкоголсуз суусундук, шоколад, конфет, май жана сыр.
"Биринчи диетаны көп учурда 60 жашка чейинки чылым чегип, спорт менен машыкпаган, ашыкча салмак жана гипертония менен жабыркаган эркектер колдонот. Мындай адамдардын 60 жаштан ашкан, бирок ашыкча салмагы жок, туура тамактанган кишилердикине салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыгуу тобокелчилиги жогору болот", — деп айтылат маалыматта.Экинчи тамактануу стили көбүнчө аялдарга таандык экени маалым болду. Алар чылым чекпей, дайыма кыймылда болсо дагы организминде холестерин, ашыкча салмак жана гипертония болору белгиленген.
Окумуштуулар Улуу Британияда майыптыкка жана өлүмгө жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болорун белгилеп, бул оорулары туура эмес тамактануудан келип чыгарын далилдешкен.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Талас облусунда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясы билдирди. https://www.instagram.com/p/CNsDV-YMxdM/
2-май күнү чүчү кулак тартылып, мелдеш 3-майда башталат.
"Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык турнир 3-майдан 9-майга чейин Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында өтөт. Командалардын катышуу боюнча арыздары 30-апрель күнү саат 17:30га чейин кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.
Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Улуттук көк бөрү федерациясы тарабынан уюшулууда.