ИИМ башчысынын орун басары Каниметов иштен кетип, ордуна Абдиев келди

© Фото / пресс-служба МВД КРЖаңы дайындалган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев
Жаңы дайындалган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
Жаңы жетекчи ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары, кийин начальниги болуп иштеп келе жаткан. Ал 53 жашта.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Нурбек Абдиев келди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.
Бүгүн жаңы жетекчини министр Улан Ниязбеков борбордук аппараттын жеке курамына тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалады.
Ал эми Каниметов өзүнүн берген арызынын негизинде жумушунан кеткен. Министрдин орун басары болуп 2018-жылдан тарта эмгектенип келе жаткан.

Нурбек Абдиев тууралуу эмне белгилүү

Милициянын полковниги Нурбек Абдиев 1968-жылы 4-августунда туулган. Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адисти боюнча аяктаган.
ИИМ министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы жетекчиси Ашым Тагаев менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жалал-Абад облустук милициясынын жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылды. Сүрөт
Ички иштер органдарында 1999-жылдан бери кызмат өтөп келет. Эмгек жолун Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүндө кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү катары баштаган. Ал ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, милициянын айылдык бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген.
Ар кандай жетекчилик кызмат орундарында эмгектенген:
  • Аламүдүн РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Чүй ОИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
  • Чүй ОИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы;
  • Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары, кийин жетекчи;
  • ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары, кийин кызматтын башчысы;
  • "Эрдик" мамлекеттик медалы жана бир катар сыйлыктарга ээ.
Жаңылыктар түрмөгү
0