Түндө Бишкекте катуу шамал болот! Мэрия эскертүү берди

© AFP / YURI KADOBNOVШамал учурунда кол чатыр менен кыз. Архив
Шамал учурунда кол чатыр менен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет. Муниципалитет элди этият болууга чакырууда.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкекте түндө катуу шамал болорун мэрия кабарлады.
Муниципалитет айдоочуларды автоунааларын бактардын түбүнө жана жеңил конструкциядагы курулуштардын жанына токтотпоо керектигин айтты.
Курч кырдаал жаралган маалда 112 куткаруу кызматына жана мэриянын күнү-түнү иштеген 1840, 1850 сall-борборлоруна чалуу керектиги эскертилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0