Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте беткап кийген аял. Архив
Бишкекте беткап кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
5-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарга жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. 5-апрель, дүйшөмбүдө, республиканын дээрлик бардык аймактарында жамгыр, тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Шамал учурунда кол чатыр менен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Түндө Бишкекте катуу шамал болот! Мэрия эскертүү берди
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ++11...+16, Нарын жана Ысык-Көлдө +3...+8 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күндүн табы Ош шаарында +13...+15, борбор калаада +10...+12 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0