Билсеңиз кабарлаңыз. Мэрия кишилерге кол салган иттин ээсин издеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкека мэриясынын имараты. Архив
Бишкека мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Бир нече күн мурда Бишкектин чок ортосунда ит кишилерге кол салган. Ал эми окуядан кийин качып кеткен ээсин милиция издеп жатат.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Мэрия шаардыктарды мындан бир нече күн мурда кишиге кол салган ротвейлер тукумундагы иттин ээси туурасында кандай маалымат болсо да бөлүшүүнү суранды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындан бир нече күн мурда Абдрахманов — Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде иттин окуучу бала менен аялга кол салганы тартылып калган видео тараган. Көчөдө өтүп бара жаткандар баланы иттен араң куткарып калышкан. Милициянын маалыматы боюнча, окуя 1-апрель күнү болжол менен саат 19:00дө болгон. Ээси бул учурда ажыратуу үчүн итин каргынын жиби менен сабап жатканы видеодон көрүнүп турат. Баланын атасы бул боюнча милицияга арыз жазып, иш козголгон.
Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2020
Ошто жыл башынан бери алты жаныбардан кутурма табылган
Кийинчерээк окуучу шаардагы балдар ооруканасына жаткырылганы белгилүү болду. Баланын буттарын ит тиштеп салган, бактыга жараша, азыр абалы канааттандырарлык экенин медиктер айтып беришти.
Бул окуядан улам Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева 4-апрелде жыйын өткөрүп, ага Бишкек прокуратурасынын, Свердлов райондук милициясынын өкүлдөрү, Санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары менен Ветеринардык коопсуздук боюнча шаардык инспекциянын жетекчисинин орун басары катышкан.
Иттин ээси туурасында маалымат болсо төмөнкү телефон номерлерине билдириш керек:
  • 102 — милиция;
  • (0500) 43-28-15 —Свердлов райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү;
  • (0312) 37-01-73 — Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Бишкек шаардык инспекциясы.
  • Мэрия шаардагы ит кармагандарды эшикке сейилдетип алып чыкканда тумшук кап кийгизип жана кутурмага каршы эмдөөдөн өткөрүү зарылдыгын эскертет.
Жаңылыктар түрмөгү
0