БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында эки митинг өтүүдө.
Биринчи митингдин катышуучулары ордо калаада мыйзамсыз салынып жаткан курулуштарга нааразы болуп чыккан. Алардын айтымында, мэрия куруучулар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, турак үйлөрдүн ортосуна көп кабаттуу үйлөрдү салууга уруксат берүүдө.
Нааразычылык акциясына болжол менен 50гө чукул адам чогулганы маалым болду.
Кийинчерээк аларга Кыргызстандын профсоюзчулары кошулган. Тынчтык акциясынын катышуучуларынын айтымында, алар "Профессионалдык союздар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү" тууралуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышына нааразы. Буга чейин аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жактырып, президенттин кароосуна жиберген.Митингчилер Садыр Жапаров аларды кабыл алышын талап кылышууда. Чогулгандар колдоруна Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов менен эл өкүлү Гүлкан Молдобекованын сүрөтүн көтөрүп, "эмгекчил элдин душманы" деп жазып алышкан.
Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.
"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.
Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте өткөн митингге байланыштуу эртең Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинде кеңейтилген жолугушуу болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн ондогон медицина кызматкерлери Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артем Новиков кабыл алды.
Ал медиктерге компенсация төлөө боюнча маселенин үстүндө атайын комиссия иштеп жатканын белгиледи.
"Эртең Саламаттык сактоо министрлигинде биз медицина кызматкерлеринин, министрликтердин өкүлдөрүнүн, кенемтелерди төлөө боюнча комиссия мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрөбүз. Анда көйгөйлүү маселелердин баары кылдат изилденет. Биз өз кезегинде компенсацияларды төлөө боюнча маселенин мүмкүн болушунча тезирээк чечилиши үчүн болгон аракеттерди көрөбүз. Экономика жана финансы министрлиги медициналык кызматкерлердин базалык эмгек акысын жогорулатуу маселелери боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзөт. Биз мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянабыз", — деген Новиков.
Медиктер пандемияда кызматтык милдетин аткарууда коронавирус илдетин жуктуруп алгандарга компенсация төлөө, эмгек акынын аздыгы, коргоо жана коопсуздук кепилдигине байланышкан көйгөйлөрдү ортого салышты.