Бишкекте өзүнөн үч жаш улуу кызды ала качкан жигит кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековБетин жаап турган кыз. Архив
Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Арыздануучу чала тааныш бала аны Ысык-Көлдөн Бишкекке ала качып келгенин айтып даттанган. Милиция шектүүнү кармады.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкекте кыз ала качууга шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
2-апрель күнү түнкү саат 23:40та 102 линиясына кыз ала качышканы тууралуу маалымат түшкөн.
"Милиция кызматкерлери жерине барганда 25 жаштагы Ж.Д. чала тааныш бала аны Ысык-Көл облусунан Бишкекке ала качып келгенин айтып арызданган", — деп айтылат маалыматта.
Инспекторлор ыкчам издөө ишин жүрүгүзүп, 22 жаштагы Б.К. аттуу жигитти кармаган. Учурда териштирүү иштери уланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0