Коопсуз шаардын камерасын орнотуп жаткан кызматкерлер. Архив

"Коопсуз шаардын" айып пулу канчага азаят? ЖКККББнын жообу

(жаңыланган 18:51 05.04.2021)
Өкмөт башчынын тапшырмасынан кийин ЖКККББ "Коопсуз шаардын" айып пулун азайтуу боюнча комиссия түзгөн. Анын биринчи кандай демилгелерди көтөрүп жатканына көз салдык.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздаган башкы башкармалык жол эрежелерин бузгандарга салынган айып пулду азайтуу боюнча атайын комиссия түзгөн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга жол милициясынын маалымат кызматынан айтып беришти.

Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов өлкөдө азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын жогорулашынан улам жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн азайтуу каралып жаткандыгын айткан эле.

ЖКККББдан комиссия үч күндүн ичинде бул маселе боюнча өкмөткө сунушун берерин, ал жерден акыркы чечим кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна коюларын айтып беришти.

"Азыр айдоочулар айып пулду өз учурунда төлөсө 50 пайыздык жеңилдик алып жатышат. Жол милициясы бир нече мыйзам бузууларда аны 70 пайызга түшүрүүнү сунуштоодо. Кеп биринчи категорияда каралган 1 000 сом туурасында болууда. Камера 1000 сомдук эреже бузууну жазып, айдоочу 15 күндүн ичинде ал айыптан кутулам десе, 300 сом төлөйт", — деди ЖКККББнын маалымат катчысы Тилек Исаев.

Айыпты өз учурунда төлөгөнү үчүн 70 пайыздык жеңилдикти Эреже бузуулар кодексинин 123 (1-бөлүгү), 123-1-беренелеринин (1-бөлүгү) негизинде салынгандарга киргизүүнү сунуштап жатышат.

70 пайыздык жеңилдик кайсы тартип бузууларга салынат?

  • аныкталган ылдамдык чегин саатына 10 чакырымдан өйдө чыгарып, бирок 20 чакырымдан ашырбай айдаса;
  • жол белгилеринин талаптарын бузса, жол чийиндеринин эрежелерин бузса (экинчи автоунааны ашып өтүү тартибин бузуудан же маневр жасап, каршы тилкеге чыга калуудан сырткары);
  • аялдамада токтоо же токтоп туруу эрежесин бузса;
  • коопсуз аралыкты, интервалды сактабаса же транспорт каражатынын жолдо жайгаштыруу, автомагистралда жүрүү эрежесин бузса;
  • аялдама же стоп-линияны, жол эрежелери менен эскертилген чийиндерди бузса же светофордун күйгөнүнө, жол кыймылын жөндөгөн автоинспектордун ишаратына карабай жол чийиндеринен өтүп кетсе;
  • каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузса;
  • жарык берүүчү тышкы каражаттарды пайдалануу же белги берүүчү эрежелерди бузса (бардык механикалык автоунаалардын күндүз, эл жашаган жерден сырткаркы аймактарда жарыкты жакынкы жерге бериш үчүн фараларды күйгүзүп жүрүүгө коюлган талаптардан сырткары).

"Коопсуз шаар" Бишкекте 2019-жылдын мартынан тарта иштей баштаган. Бир нече айдан кийин элдин нааразылыгынан улам өкмөт айып пулдардын көлөмүн азайткан.

Белгилер:
айып пул, Коопсуз шаар, ЖКККББ, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
"Коопсуз шаардын" айып пулуна макул эмессизби? Каякка кантип даттанса болот
Марипов: автоунаалардын терезесин акы төлөп караңгылатууга уруксат беребиз
Бишкектеги Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Баткен: мамлекеттик 30 батир, жер тилкелери жеке тараптарга берилип кеткен

(жаңыланган 10:16 15.04.2021)
Мамлекеттик кызматкерлер мыйзамсыз келишимдерди түзүп, мүлктөрдү сатып жиберишкен. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Баткендеги "Кадамжай-Коммунальщик" мамлекеттик-муниципалдык ишканасына тиешелүү 30 батир, 10 жана 15 сотыхты түзгөн эки жер тилкеси жеке жактарга берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Мүлктөр аталган ишкананын жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан сатылган.

"Тагыраагы, жогоруда кеп болгон мамлекеттик мекеме менен ишкананын жооптуу кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуу аркылуу жогорудагы объектилерди сатуу боюнча укукка жат келишимдерди түзүшүп, кыймылсыз мүлктөрдү жеке тараптарга сатып жиберишкен", — деп жазылган билдирмеде.

Учурда Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Баткен облустук административдик жана Кадамжай райондук сотторуна доо арыздары жазылган.

Андан сырткары, кызматкерлердин аракетине баа берүү үчүн Жазык кодексинин 320-беренеси менен ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") козголгон өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Дарыгер оорукананын бөлүмүндө COVID-19 менен ооруган адамга жардам берип жатат. Архив

Өлкө боюнча 6 бейтап көз жумуп, 300дөн ашуун кишиге COVID жукту

(жаңыланган 10:14 15.04.2021)
Жуктургандардын саны боюнча дагы деле Бишкек шаары менен Чүй облусу алдыда. Ошондой эле бүгүн бир нече аптадан бери жаңы учурлар каттала элек Талас облусунан вирус жуктургандар табылды.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 305 кишиден табылып, 178 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 109;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 55;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл – 6;
  • Жалал-Абад –1;
  • Баткен облусу – 1.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 186;
  • Ош шаары – 7;
  • Чүй облусу – 89;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Кёл облусу – 12;
  • Жалал-Абад – 4;
  • Баткен облусу – 2.

Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 91 144кө жетсе, анын ичинен 86 491и сакайып кетти.

Акыркы суткада коронавирустан алты киши каза тапты. Алардын бешөө Бишкек шаарынын, бири Чүй облусунун тургундары болгон. Аларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1 540ка жетти.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
"COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин колдонгондордун саны эки миңге жетти
Ош шаарында бир тууган балдардан COVID аныкталып эки мектеп жабылды