20 сомдук купюра өзүнөн 110 эсе жогорку баа менен аукционго коюлду

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча кармап турган адам. Архив
Акча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Кыргызстандык банкнота 2009-жылы чыгарылган, анын бир өзгөчөлүгү нумизматтарды кызыктырып келет.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Россиянын интернет-аукциондорунун биринде 20 сомдук купюра баштапкы баасы 2000 рубль (2200 сом) менен сатыкка коюлду.
Муну менен аталган банкнота өзүнүн номиналынан 110 эсе жогору сатылууда.
Ал колдонууга жараксыз болуп калган купюранын ордуна алмаштыруу үчүн чыгарылган, демек, анын катар номери да башкача болот. Мындай тираждагы банкнота чанда кездешкендиктен коллекционерлердин арасында жогору бааланат.
Сатыкка коюлган 20 сомдук банкнота 2009-жылы чыгарылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0