БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Узак жашайм дегендер күнүнө беш жолу жашылча жана жемиш менен азыктанышы керек. Бул тууралуу Science and Technology Daily басылмасы жазды.
Кытайлык адистер түрдүү азыктардын пайдасы жана зыяны тууралуу илимий маалыматтарды карап чыгышкан. Натыйжада күнүнө беш жолу жашылча жана жемиш жеп туруу жүрөк-кан тамыр ооруларын, онкологиялык илдеттерди жана башка өлүмгө жетелеген дарттардан оолак кыларын аныкташкан. Бирок буларды айтылгандан көп колдонуу тескери таасирин тийгизет. Адистер эскерткендей, күнүнө эки порция жемиш, үч порция жашылча колдонуу керек.Бирок изилдөөчүлөр алардын баары эле пайдалуу эместигин белгилеген. Маселен, буурчак, жүгөрү жана картошка олуттуу оорулардын санын азайтпайт. Шпинат, латук (салат), цитрус өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш жана сабиз ден соолукка өтө керек экени кошумчаланды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Зомбулукка кабылган адам ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбеши үчүн кандай аракеттерди кылышы керектигин Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борбору айтып берди.
Мекеменин эксперттерге таянып тараткан кеңешине ылайык, зөөкүр менен жалгыз калганда эң башкысы аман калуунун жана азыраак зыян тартуунун аракетин көрүү зарыл.
"Урушуп, талашуудан качып, айтканы менен болуп алдап көрүңүз. Ага да болбосо качыңыз, бирок шек алдырбаңыз. Анан милицияга чалыңыз же көчөдөгү элге кайрылыңыз. Окуя болгон жерге медиктерди да чакыртып, жаракаттарды каттатып калуу керек", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми зөөкүр менен жашагандар үйдөн кетүүнүн планын иштеп чыгып алганы оң.
Буга чейин зомбулукка кабылгандар жана күбө болгондор үчүн аймактардагы кризистик борборлордун жана ички иштер башкармалыктардын номерлери тизмектелген.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын бардык аймактарында убактылуу эмдөө жайлары ачылганын билдирди.
Чүй облусунда 8 жерде ачылган. Алар:
Бишкек шаары
Ош шаары
Ысык-Көл облусу
Жалал-Абад
Ош облусу
Нарын
Талас
Баткен
Министрлик учурда вакцинаны медиктер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алып жатканын белгиледи.
Макулдашылган катаал чарага чакырык бул ирет Европарламентте да жаңырды. Мындай көрүнүш РФтин каржылык тутумуна кандай чагыларына Наталья Дембинская сереп салган.
Маалымат алмашуу жана төлөм жүргүзүүнүн эл аралык банктык тутумуна эки жүздөн ашуун өлкөдө 11 миңден көбүрөөк уюм туташтырылган. Россия — SWIFT системасын пайдалануучулардын ири үчтүгүнө кирет. Бирок 2014-жылдан тарта бул инструменттен РФтин өчүрүлөрү айтылып келет. Буга Крым да, Донбасс да, Скрипалдердин иши, блогер Алексей Навальныйдын кырдаалы да доомат катары келтирилет.
Апрелде Украинанын чыгышында кырдаал курчуп кетти, бул дагы жаңы шылтоо. Мындай демилгени эми Европа колго алды. Европарламенттин башкаруучу фракциясы – Европалык элдик партиясынын башчысы Манфред Вебер Москва "кооптуу чагымчылыктардын нугун улантууда" дейт. Анын пикиринде, Украина менен чек арасында "аскердик күчтөрүн бекемдөө" менен Москва Батыштын сабырын сыноодо. Ошондуктан АКШ жана ЕБ макулдашылган жооп берүүгө тийиш. Парламентарий белгилегендей, абал курчуп турганда "өлчөнгөн санкциялардын маалы өтүүдө". Вебер "олигархтардын эсептерин масштабдуу тоңдурууну" жана SWIFT системасынан өчүрүүнү сунуштады.
Бир жагынан Россиянын 2014-жылы ишке киргизилген Каржылык билдирүүлөрдү алмашуу тутуму (СПФС) бар. Ага россиялык банктардын баары жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон он чакты өлкө кошулган. SWIFT системасынан өчүрүлгөн соң банктар анын россиялык аналогуна өтөт. Бирок эл аралык төлөмдөр үчүн СПФС азырынча эл аралык системанын ордун толук баса албайт, ошондуктан олуттуу сокку урулушу мүмкүн.
Эксперттер Россиядагы доллар жана евро түрүндөгү экспорттук жана импорттук операциялардын көлөмү бир кыйла, ал эми өндүрүмдөрдүн көпчүлүк тобуна альтернатива табуу мүмкүн эмес."SWIFT системасынан өчүрүү россиялык банктардын транзакцияларын токтотот, — деп эскертет "Бета финансылык технологиялар" индекстик компаниясынын башкы стратеги Арарат Мкртчян. — Ири экспортчулар баарынан көп жабыркайт. Алар өз операциялык ишмердигин тейлөө үчүн чет элдик банктар менен гана иштөөгө аргасыз болот. Чектөөлөргө тушукпаган ортомчулар да мындайда көп чыгат. Айрыкча мында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржылык институттары утушка ээ болот.
Бирок кандай болгон күндө да чоң кырсык болбойт. "Россиялык банктарды SWIFT тутумунан өчүрүүнүн өзү контрагенттер ортосундагы каржылык транзакциялар кымбаттайт жана ыргагы жайлайт дегенди гана туюндурат. Калыпка түшүп калган чынжырча үзүлөрү турулуу иш, аларды калыптандыруу үчүн убакыт талап кылынат. Бирок бир же эки аптада жагдайды жөнгө салууга болот", — дейт QBF улук аналитиги Олег Богданов.
Эгер россиялык резиденттердин доллар түрүндөгү каражаттары тоңдурулса, башка кеп экенин кошумчалайт эксперт. Анда рыноктордо башаламан реакция жаралышы ыктымал. Бир-эки кварталда каржылык байланыштарды баары бир калыптандырышат. Валюта курсу да кескин өзгөрүшү мүмкүн. Бирок өйдө-ылдый убак тез эле өтүп, рубль өз деңгээлине келет.
Ошентсе да Россия аталган тутумдан өчүрүлбөйт, коркутуп гана тим болушат деген ойлор да туулат. Анткени SWIFT — россиялык банктардан акча тапкан жеке компания. Анан да система эл аралык транзакциялар үчүн гана тургай, ички эл аралык которууларга да колдонушат. SWIFT тутумунан кимдир бирөөнү өчүрүү үчүн ЕБ же АКШнын компаниянын өзүнө каршы чечим кабыл алышы керек. Бирок анткен учурда Россиянын соода өнөктөштөрү — европалык жана америкалык бизнес четте калат.
"Бул россиялык компанияларга жана мамлекетке милдеттенмелерин төлөөгө мүмкүндүк бербей турган күтүүсүз жагдай болуп эсептелиши мүмкүн. Өлкөнүн тышкы карызы —450 миллиард доллардын тегерегинде. Мындан улам кредиторлордун да каржылык көйгөйлөрү жаралышы ыктымал. Андан тышкары, негизги соода өнөктөштөрү менен операциялар кыйындайт. Ал эми алардын эң чоңу — Евробиримдик. Европарламенттеги чакырыктар курулай гана популизм", — деп болжойт "Открытие Брокер" компаниясынын улук талдоочусу Андрей Кочетков.АКШ да кыйналбай койбойт. Биринчиден, Вашингтондун SWIFT компаниясына болжолдуу гана таасири бар, анткени анын штаб-квартирасы Бельгияда жайгашкан. Экинчиден, андай чара көрүлө турган болсо Россия америкалык банк жана саясатчыларга каршы катаал санкциялар менен жооп кайтарышы да мүмкүн.