Кыргызстандагы COVID: оору 124 кишиден аныкталып, эки бейтап каза болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Учурда стационардык дарыланууда 662, амбулатордук дарыланууда 763 бейтап бар. Ош шаарында, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарында вируска кабылгандар болгон жок.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 124 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.
Ооругандар:
  • Бишкек — 77;
  • Чүй — 43;
  • Нарын — 3;
  • Ош — 1.
Ош шаарында, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарында вируска кабылгандар жок. Республикада пандемиядан бери 89 277 адамдан оору чыкты.
Өткөн суткада Бишкек менен Чүйдө эки бейтап көз жумуп, жалпы каза тапкандар 1 509 болду.
117 адам айыкты:
  • Бишкек — 60;
  • Чүй — 41;
  • Ысык-Көл — 8;
  • Нарын — 3;
  • Баткен — 2;
  • Ош — 2;
  • Ош шаары — 1.
Расмий маалымат боюнча, марттагы пандемиядан бери 85 388 адам сакайды.
Стационардык дарыланууда 662, амбулатордук дарыланууда 763 бейтап бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0