Россиядан сатып алчу "Спутник V" вакцинасы канча кишиге жетери айтылды

© Sputnik / Абид МажарВакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив
Вакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Буга кыргыз бийлиги Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын сатып алуу үчүн 215 миллион бөлгөнү жатканы маалымдалган.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Россиядан сатып алчу "Спутник V" вакцинасы 118 миң кишиге ылайыкталган. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Бейшеналиев: Россиядан 500 миң доза вакцина сатып алууга буюртма бердик
Мындан тышкары, министрдин орун басары ушул тапта Кыргызстан боюнча 644 киши коронавируска каршы эмделгенин билдирди.
"29-марттан 5-апрелге чейин 644 киши эмделди. Алардын 214ү Бишкектин, 258и Ош шаарынын, 109у Чүй облусунун тургундары. Ал эми Ош облусунан 20, Ысык-Көлдөн 43 киши вакцина алды", — деди Бектурганов.
29-мартта башталган эмдөөнүн алгачкы этабында кыргызстандык медиктер Кытайдан жардам иретинде келген Sinopharm вакцинасын пайдаланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0