Урогинеколог: заарасын кармай албай кыйналган аялдар көп, бирок айбыгып айтпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук госпиталдын урология борборунун урогинекологу, медицина илимдеринин кандидаты Дилдебүбү Шүкүрова
Улуттук госпиталдын урология борборунун урогинекологу, медицина илимдеринин кандидаты Дилдебүбү Шүкүрова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Жагдай өмүргө коркунуч келтирбегени менен катуу тынчсызданууну жана ыңгайсыздыкты жаратат дейт адис. Бул көрүнүш бир нече оорудан кабар берет.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Улуттук госпиталдын урология борборунун урогинекологу, медицина илимдеринин кандидаты Дилдебүбү Шүкүрова менен маектешти.
— Аялдардын заараны кармай албай калышын өзүнчө оору катары сыпаттаса болобу?
— Зааранын адамдын эркине баш ийбестен өз алдынча чыгып кетиши бир нече оорудан кабар берет. Ал өмүргө коркунуч келтирбегени менен өтө түйшөлткөн маселе. Адатта бул тууралуу аял жакшы бир теңтушуна гана айтышы мүмкүн. Ал мен да ушинтип жүрөм десе, муну кадыресе көрүнүш катары кабылдап эч жакка кайрылбай жүрө беришет. Дарыгерге да барбайт, бала-чакасына, жолдошуна да айтышпайт.
Аялдардын 38 пайызы 35 жаштан тарта заараны кармай албай жапа чегишет. Бул көйгөй боюнча эл аралык коомчулук бар. Анын түзүлүшүнө эмне себеп болду деп ойлойсуз? Маселе көп кездешип, жакшы чечилбей жатканынан пайда болду. Бизде да курч маселе, бирок уялып жашырышат.
© Sputnik / Табылды КадырбековУрогинеколог Дилдебүбү Шүкүрова: аялдардын 38 пайызы 35 жаштан тарта заараны кармай албай жапа чегишет
Урогинеколог центра урологии Национального госпиталя Дилдебубу Шукурова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Урогинеколог Дилдебүбү Шүкүрова: аялдардын 38 пайызы 35 жаштан тарта заараны кармай албай жапа чегишет
— Буга бир нече оору себеп деп калдыңыз?
— Биринчи кезекте аялдын толуктугу жана төрөт процессинин оор болушу, анын негизинде ички органдарга, деги эле ден соолукка терс таасиринин тийиши себеп. Ошондой эле кара жумуш жасап, оор нерселерди көтөргөндө ич көңдөйдө басым жогорулап зааранын кармалбай калышына алып келет. Андан сырткары, жамбаш сөөктөрүнүн дисплазиясы, башкача айтканда эттердин, булчуңдардын, тутамдыруучу байламталардын жумшарышы себеп. Бул көбүнчө жашы өткөндөрдө кездешет.
Профессор, главный уролог Министерства здравоохранения КР Акылбек Усупбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Уролог Усупбаев: жыныс оорулары күчөдү, генофонд коркунучта!
Жөтөлтүп, чүчкүрткөн оорулар, табарсыктагы нервдерди начарлаткан кант оорусу, бөйрөктүн, жыныс органдарынын, нерв системаларынын илдеттери, менопауза — айызы токтогондон кийин эстроген гормондору азайышы жана башкалар бирден-бир себеби болуп саналат.
Зааранын начар кармалышы — медициналык жана социалдык көйгөй. Адамдын кесипкөйлүгүнө, үй-бүлөлүк жана сексуалдык жашоосуна тескери таасирин тийгизет. Заарасын жакшы кармабаган аял кайсы жерге барса даараткана издейт, көпчүлүктүн арасында адамдардан бөлүнүп, депрессияга чейин кабылышы мүмкүн. Андан тышкары, чөнтөктү да жукартат. Ар кандай жалаяк, памперстерге, крем, антисептик жана башка гигиеналык каражаттарга бир топ акча кетет.
— Көйгөйдүн түрлөрү да бар экен...
— Төрт түрү кездешет. Гиперактивдүү же ургенттүү түрдө кармабай калышы, тагыраагы, заара кокусунан эле чыгып кетет. Табарсык толгон-толбогонунан көз каранды эмес. Экинчиси — ич көңдөйүнөн табарсыкка басымдын жогорулашы. Ал жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, оор нерселерди көтөргөндө, жадагалса тепкичтен өйдө көтөрүлгөндө, бийлегенде болот. Үчүнчүсү — аралашма түрү. Анда жогорудагы эки түрү тең болот. Төртүнчүсү — табарсыгы жыртыктар же тешиктер (свищ), ал заараны күтүүсүз чыгарат.
© Sputnik / Табылды КадырбековШүкүрова: бул көйгөйдө адистер дары-дармек жазып беришет, гимнастикалык көнүгүүлөр да жакшы жардам берет. Кээ бир учурда, операция кылабыз.
Урогинеколог центра урологии Национального госпиталя Дилдебубу Шукурова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Шүкүрова: бул көйгөйдө адистер дары-дармек жазып беришет, гимнастикалык көнүгүүлөр да жакшы жардам берет. Кээ бир учурда, операция кылабыз.
— Дарылоо жолдорун айта кетсеңиз, операция дагы жасалышы мүмкүнбү?
— Адистер дары-дармек жазып беришет, ошондой эле гимнастикалык көнүгүүлөр да жакшы жардам берет. Кээ бир учурда, маселен, табарсыкта жыртыктар болсо сөзсүз операция кылабыз. Андан коркпош керек. Гинекологиялык креслого жаткырып, жыныс кындан жасалат. Ал биздин Улуттук госпиталдын урология борборунда жасалып жүрөт.
Балага сүннөт жасап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Уролог: сүннөттөн жабыркаган баланын интимдик жашоосу трагедияга айланышы мүмкүн
Зааранын начар кармашынын стадиясы жеңил, орто жана оор деп бөлүнөт. Аялдар канчалык эрте кайрылса, ошончолук жакшы. Күнүмдүк жүрүм-турум эрежелерин сактоо менен да дарыласа болот. Бир жакка бара жатканда ажатканага атайын кирбестен, табарсык толгондо баруу керек. Организмди ар бир 2-2,5 саат сайын заара чыгарганга үйрөтүү зарыл. Кечки сегизден кийин суюктук ичүүнү азайтып, суусата турган туздуу, майлуу же заараны көп чыгышын шарттай турган азыктарды көп колдонбош керек.
— Бул көйгөйдү кантип алдын алса болот?
— Аялдар өздөрүн жакшы көрүп, ден соолугуна көңүл буруп, оор жумуштарды жасоодо этиятташы керек. Көз жаргандар ден соолугун толук калыбына келтириши өтө маанилүү. Аялдардын жыныстык органдарынын ылдыйлашы, түшүшүнүн да зааранын чыгып кете бериши менен байланышы бар.
Адам орточо салмак менен жүргөнү оң. Гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап, йога менен машыгып, көбүрөөк жөө басып, деги эле сергек жашоого жана туура тамактанууга өтүү керек. Кайгы-капа, көңүл чөгүү да көп ооруну шарттай турганын унутпаңыздар. Анан өз убагында сезгенүү ооруларын, өнөкөт дарттарды дарылап туруу зарыл.
Эгер заараны кармай албай кыйналып жатсаңыз, күчөтүп жибербей убагында кайрылыңыздар, тартыныштын кереги жок. Жашаган жердеги урогинекологдор же гинеколог менен уролог деле ооруну аныктап, дарылоо жолуна көмөктөшө алат.
© Sputnik / Табылды КадырбековУрогинеколог: эгер заараны кармай албай кыйналып жатсаңыз, күчөтүп жибербей убагында кайрылыңыз, тартыныштын кереги жок.
Урогинеколог центра урологии Национального госпиталя Дилдебубу Шукурова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Урогинеколог: эгер заараны кармай албай кыйналып жатсаңыз, күчөтүп жибербей убагында кайрылыңыз, тартыныштын кереги жок.
— Бул дарт кичинекей балдар менен эркек кишилерде дагы кездешеби?
— Энурез деген оору бар. Бул балдардын 4 жаштан баштап 14-15 жашка чейинки убагында түндө уктап жатканда табарсыктын толгонун сезбей төшөккө сийип коюшу. Энурезди дарылоо үчүн терапевт, психотерапевт, невролог, уролог, гинеколог кошулуп себептерин тактап, дарылашат. Бул көйгөйдү балдар дагы айткандан тартынат. Эркектердин арасында да заарасын кармай албагандар кездешет, бирок аялдарга салыштырмалуу бир нече эсе аз.
Жаңылыктар түрмөгү
0