Ашууларга кар көчкү түшөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Фото / пресс-служба МЧС КРТөө-Ашуу ашуу. Архив
Төө-Ашуу ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Тоо этектеринде нөшөрлүү жаан жаап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. 6-9-апрель аралыгында жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшөрү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 6-апрелде, тоо этектеринде нөшөрлүү жаан жаап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Кар көчкү түшөт деген аймактар:
  • Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу);
  • Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Суусамыр — Талас — Тараз автоунаа жолунун 1-14-чакырымы (Өтмөк ашуусу);
  • Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров автоунаа жолунун 71-75-чакырымы (Чапчыма ашуусу);
  • Кара-Кысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу;
  • Мырзаке — Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-110-чакырмы;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 286-306-чакырымы (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);
  • Казарман — Ак-Тал-Чат автоунаа жолунун 67-93-чакырымы (Кара-Гөө ашуусу);
  • Ош — Сары-Таш автоунаа жолунун 161-179-чакырымы (Талдык ашуусу);
  • Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык автоунаа жолунун 97-98, 110, 136-150-чакырымы;
  • Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу).
  • Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0