Кыргызстандыктар жазгы жабыла учкан алгачкы топ жылдызды көрө алышат

© Фото / Pexels / Jakub NovacekТоп жылдыздар. Архив
Топ жылдыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2021
Жазылуу
Апрелдин экинчи жарымында адамдар асмандан топ жылдыздын жабыла учканын көрө алышат. Кометадан калган чаңды Жер планетасы аралап өтөт.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. 21-апрелден 22сине караган түнү Лириддер метеордук агымынын активдүүлүгү туу чокусуна жетет. Бул тууралуу Москва планетарийи кабарлады.
Эл аралык метеорологиялык станциянын болжолуна ылайык, саатына 18 метеорго чейин болушу күтүлүүдө. Агым 14-апрелде жанданып, 30-апрелде токтойт.
Сахара чөлү. Сүрөттү Эл аралык космос станциясынан россиялык космонавт Иван Вагнер тарткан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2020
Галактиканын укмуштуудай көрүнүшү. Октябрда космостон алынган мыкты сүрөттөр
Планетарий белгилегендей, бул мезгил Ай толгон убакытка туура келгендиктен учкан топ жылдыздарга байкоо салууга тоскоолдук жаралышы ыктымал. Мындан сырткары, аба ырайындагы катаал шарттар да кыргызстандыктарга жолтоо болушу мүмкүн. Деген менен метеорлор таңга маал жакшы көрүнөт.
Лириддер 2 500 жылдан бери байкоо салынып келген эң эски метеордук агым болуп саналат. Алар тууралуу алгачкы маалыматтар биздин эрага чейинки 687-жылдын 16-мартында Кытайда айтылган. Метеорлордун эң күчтүү агымы 1803-жылы 20-апрелде байкалган. Анда саатына болжол менен 700 жылдыз түшүп, ал метеордук бороон деп эсептелген.
Жаңылыктар түрмөгү
0