Метеорит түшкөндөй көрүнүш. ӨКМ маалыматты тактоодо

© AP Photo / Charlie RiedelКомета. Архив
Комета. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2021
Жазылуу
Шаршембиге караган түнү Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары асмандан учуп түшкөн жарыкты видеого тартып алып, ал социалдык тармактарда кызуу талкууланган.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагына метеорит түштү деп болжолдонгон маалыматты тактап жатканын кабарлады.
Буга чейин Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары 7-апрелге караган түнү асмандан учуп түшкөн жарыкты видеого тартып алып, аны интернет колдонуучулары кызуу талкуулашкан. "Короче" Telegram каналына жарыяланган видеодон асмандан жарк этип түшкөн кубулушту көрүүгө болот.
Соцтармак колдонуучулары ал метеорит болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Анын Жерге түшкөн-түшпөгөнү азырынча белгисиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0