Битир-садага бегип жаткан адамдар. Архив

Муфтият 2021-жылдагы битир-садаганын өлчөмүн жарыялады

(жаңыланган 16:16 07.04.2021)
Мусулмандар битир-садаганы өз каалоосу менен мечиттерге бере алышат. Белгилей кетсек, быйыл орозо 13-апрелде башталат.

БИШКЕК, 7-апр.— Sputnik. Муфтият 2021-жылдагы битир-садаганын баасын бекитти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Базар баасы менен алганда ар бир адамга 40 сомдон эсептелди.

Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Аны базар баасы менен салыштырганда мейиз – 640 сом, ун – 56 сом, арпа – 64 сом болсо, курманын баасы 512 сомду түздү.

Мусулмандар битир-садаганы өз каалоосу менен мечиттерге бере алышат. Белгилей кетсек, быйыл орозо 13-апрелде башталат.

Белгилер:
баа, битир-садага, орозо, Кыргызстан
Тема:
Орозо-2021 (12)
Тема боюнча
Орозо 2021: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактылары
Быйылкы орозонун так датасы айтылды
Орозо кармагандар коронавируска каршы эмделсе болобу? Муфтияттын жообу
Бишкек шаарынын дрондон көрүнүшү. Архив

Бишкектин жаңы башкы планы тез арада иштелип чыкмай болду

(жаңыланган 22:03 16.04.2021)
"Бишкек башкы архитектура" ишканасында өткөн жыйында шаар куруу боюнча документациялык көйгөйлөрдү тезинен чечүү зарылдыгы айтылды.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы менен Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине борбор калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгуу өтүнүчүн камтыган кат жиберилет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда иштеп жаткан генералдык пландын мөөнөтү бүтө элек болсо да аракеттер көрүлөт.

Бүгүн аталган мекемеде шаар куруудагы документацияны иштеп чыгуу жана бекитүү маселесине арналган отурум болду. Ага профилдик министрликтин өкүлдөрү, "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын башчысы Марат Жороев, Кыргызстандын архитекторлор союзунун жетекчилери жана мүчөлөрү, прокуратура жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Талкуудан соң Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине айрым процедураларды жөнөкөйлөштүрүү максатында тийиштүү ченемдик-техникалык документацияларды тез арада өркүндөтүү зарылдыгы боюнча кайрылуу чечими кабыл алынды.

"Бишкек мэриясына, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине Бишкектин учурдагы башкы планынын мөөнөтү бүткөнгө чейин эле жаңысын иштеп чыгуу өтүнүчү менен кат жиберилет", — деп айтылат маалыматта.

Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов буга чейин Бишкек шаарынын башкы планынын ачыктыгын камсыздоо негизги милдеттеринин бири экенин билдирген.

Учурда ордо калаада 2025-жылга чейинки генералдык план иштеп жатат. Ал 2006-жылы кабыл алынып, бекитилген.

Белгилер:
Бишкекбашкыархитектура, башкы план, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр
Бишкекте дагы эки көчөнүн кесилишинде оңдоо иштери жүрүп, жолдор жабылат
Бишкекте эмен бактарын курттан коргоо үчүн ийне сайылып баштады. Сүрөт
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жыргаландын жаратылышы. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

17-апрелге караган түнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкөнүн айрым райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Таласта +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +13…+18 градуска чейин көтөрүлөт.

Күндүн табы Бишкекте +21…+23, Ош шаарында +22…+24 градусту көрсөтөт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Боомдо таш кулатылып, жол жабылат. График
Кыргызстандыктар жазгы жабыла учкан алгачкы топ жылдызды көрө алышат