"Тамаша кылгам..." Бишкекте "Өчпөс отту" үйлөп өчүргөн жигит кармалды. Видео

© Фото / пресс-служба УПСМБорбор калаадагы "Өчпөс отту" үйлөп өчүргөн жаш жигитти тартип сакчылары кармады
Борбор калаадагы Өчпөс отту үйлөп өчүргөн жаш жигитти тартип сакчылары кармады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2021
Жазылуу
Милициянын кайгуул кызматынын колуна түшкөн 18 жаштагы Н.у.А. аттуу жаран териштирүү маалында коомчулуктан кечирим сураган.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы "Өчпөс отту" үйлөп өчүргөн жаш жигитти тартип сакчылары кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жигиттин видеосу социалдык тармактарга жарыялангандан кийин эле милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин баштаган. Жыйынтыгында 2003-жылы туулган Н.у.А. аттуу баланы кармап, Свердлов РИИБинин тергөөчүлөрүнө өткөрүп берген.
"Учурда шектүү жаран кылган кылыгын мойнуна алып, жасаган жоругун тамаша иретинде кылганын айтып, коомчулуктан кечирим сурады", — деп жазылат билдирүүдө.
Учурда аталган факты боюнча тийиштүү иштер уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0