Тез жардам кызматкери. Архив

222 киши вирус жугузуп, төрт бейтап көз жумду. COVID боюнча статистика

(жаңыланган 09:53 08.04.2021)
Бишкек шаары эпидемиологиялык абалы боюнча "кызыл" зонага киргизилген эле. Анткени вирус жугузуп алгандардын басымдуу бөлүгү борбор калаада катталууда.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 111 адам сакайып, 222 киши жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 183;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 24;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 4;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 1.

Ушуну менен оору илештиргендердин жалпы саны 89 660ка жетти. Анын ичинен 85 607 адам дартты жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 69;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 33;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 3.

Тилекке каршы, өткөн суткада дарт төрт адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен бирөө Бишкектен болсо, үчөө Чүй облусунан экени айтылды. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан 1 516 бейтап каза тапты.

Учурда стационарда 712 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 158 адамдын абалы оор. Ал эми 24 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

Акыркы сутка ичинде 3 924 ПЦР-анализ алынды.

Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1598)
Тема боюнча
Бош орун азаюуда. Бишкекте COVID жуктургандарды дарылаган ооруканалар
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду

(жаңыланган 16:25 20.04.2021)
Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган. Кошумча маалымат берилери айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Кабарды Sputnik агенттигине жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тастыктады.

Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак.

Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов экөөнүн Ширин жана Эльдар аттуу балдары бар.

Белгилер:
Мария Айтматова, оору, өлүм, Чыңгыз Айтматов
Тема боюнча
Журналист Майрамбек Тойгонбаев 33 жашында каза болду
Уу коргошун. Архив

Бишкекте уу коргошунга ууланган факты катталды

(жаңыланган 16:17 20.04.2021)
ЖМКлардагы маалыматка караганда, уу коргошундан жабыркаган бейтап 63 жашта. Ал ооруканага таңкы саат 05:00дөр чамасында түшкөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте уу коргошунга ууланган факты катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тез жардам кызматынан билдиришти.

Ыкчам медицина кызматы окуянын чоо-жайын бир аздан кийин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлай турганын маалымдады.

Ал эми айрым ЖМКлардагы маалыматка караганда, уу коргошундан жабыркаган бейтап 63 жашта. Ал ооруканага таңкы саат 05:00дөр чамасында түшкөн.

Уу коргошун чуусу

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Белгилер:
уулануу, уу коргошун, Бишкек
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги
Акониттин кайнатмасы мамлекеттик резиденцияда жасалат. Видео