Айзаданын өлүмү: Бишкек милициясынын башчысы кызматтан кетер-кетпесин айтты

© Sputnik / Сталбек Абдижалил уулуБишкек милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев (ортодо)
Бишкек милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев (ортодо) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Шаардык милициянын жетекчисинин айтымында, ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматкерлердин аракетине юридикалык баа берет. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкек милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев журналисттердин "Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин отставкага кетесизби?" деген суроосуна жооп берди.
Анын айтымында, ИИМдин Ички иликтөө кызматы милиционерлердин аракетине юридикалык баа берет. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.
"Мен бул кылмыштын бетин ачып, ишти аягына чейин чыгарышым керек. Бул менин милдетим", — деди ал.
Матмусаев ушул жылдын февраль айында азыркы кызматына дайындалган.

Айзаданын өлүмү

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Айзаданын өлүмүнө себепкер деген кишинин дайын-дареги айтылды

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.
Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0