Один из объектов недвижимости, по версии следствия, может принадлежать судье Бишкекского городского суда Дж. М. Б.

74 батир, 19 соода жай... УКМК судьянын мыйзамсыз байыганын аныктады

(жаңыланган 12:31 08.04.2021)
Судьянын мыйзамдуу киреше булагы жок болсо дагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө жана бир катар коммерциялык объектилерге ээлик кылары аныкталган.

БИШКЕК, 8-апр. – Sputnik. Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы мыйзамсыз байыды деп шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Один из объектов недвижимости, по версии следствия, может принадлежать судье Бишкекского городского суда Дж. М. Б.
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы мыйзамсыз байыды деп шектелип жатат

Маалыматка караганда, аталган судья мыйзамдуу киреше булагы жок болсо дагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө жана бир катар коммерциялык объектилерге ээлик кылат. Тагыраагы, анын 74 кымбат батири, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жайы, ошондой эле Бишкек шаарынын "алтын аянты" деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелери бар болуп чыккан.

Один из объектов недвижимости, по версии следствия, может принадлежать судье Бишкекского городского суда Дж. М. Б.
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Маалыматка караганда, аталган судья мыйзамдуу киреше булагы жок болсо дагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө жана бир катар коммерциялык объектилерге ээлик кылат
"Муну менен катар Ж.М.Б. кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында аларды туугандарына жана башка адамдарга керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин түзгөн. Учурда судьяга таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объектилерин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Один из объектов недвижимости, по версии следствия, может принадлежать судье Бишкекского городского суда Дж. М. Б.
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Тагыраагы, анын 74 кымбат батири, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жайы, ошондой эле Бишкек шаарынын "алтын аянты" деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелери бар болуп чыккан

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тиешелүү текшерүүлөрдүн жана экспертизалардын натыйжасы боюнча, кылмыш ишинин керектүү материалдары кылмыш ишин козгоого макулдук алуу боюнча Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Белгилер:
судья, сот, УКМК
Тема боюнча
УКМК: Марат Аманкулов 50 миллион сом төлөдү, аныкталгандан кийин дагы төгөт
Саясий серепчи Марат Казакпаев. Архив

Саясий серепчи Марат Казакпаевдин баш коргоо чарасы тандалды

(жаңыланган 09:59 15.04.2021)
Кечээ УКМК мамлекетке чыккынчылык кылган деп эки адамды кармаган. Алардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени айтылган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Биринчи май райондук соту саясий серепчи Марат Казакпаевдин бөгөт чарасын карады. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, соттун чечими менен Казакпаев 2021-жылдын 14-июнуна чейин камакта болот.

Эске салсак, 14-апрелде УКМК мамлекетке чыккынчылык кылган деп эки адамды кармаган. Алардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени айтылган болчу.

Комитеттен эске салышкандай, мыйзамга ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылгандардын күнөөсү далилденсе 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Марат Казакпаев 55 жашта. Буга чейин Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. КР Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, "Полис Азия" аналитикалык борборунда адис болгон.

Көбүнесе геосаясат жана жергиликтүү маселелер боюнча пикирин айтып келет.

Аскерлер. Архив

Чет өлкөдөн да окуса болот. Министрлик аскерлердин документтерин кабыл алууда

(жаңыланган 09:51 15.04.2021)
Министрлик аркылуу Россия, Казакстан, Кытай, Азербайжан, Түркия жана Индиядан окуп келүүгө мүмкүнчүлүк бар.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Коргоо министрлигинде аскердик окуу жайларга тапшырууну каалаган абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Документтер 20-майга чейин кабыл алынат.

Жоокер дүрбү менен карап жатат. Архив
© Фото / пресс-служба Министерства обороны КР
Аскердик окуу жайлардын тизмеси, бөлүнүп жаткан орундардын болжолдуу саны жана тапшыруу шарттары жөнүндө маалымат Коргоо министрлигинин сайтындагы "Билим берүү" деген бөлүмдө жайгаштырылган.

Студенттер онлайн-каттоодон өтүп, андан кийинки нускама боюнча иш алып барышы керек.

Өлкөдө Калыйнур Үсөнбаев атындагы Аскер институтунда, Кыргыз улуттук аскер лицейинде жоокерлер даярдалат. Мындан тышкары, министрлик аркылуу Россия, Казакстан, Кытай, Азербайжан, Түркия жана Индиядан окуп келсе болот.

Тема боюнча
Окуу жайлар жылына эки ирет абитуриент кабыл алат. Токтом өкмөттө каралууда
Бишкекте "Россиядан билим алуу" көргөзмөсү өтөт. Окуу жайлардын тизмеси
МГИМО кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алат. Шарт-талабы