Парламентте кыз ала качкандарды 15 жылга эркинен ажыратуу сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Азыркы учурда Жазык кодексинин 175-беренесине ылайык, кыз ала качкандар эки же беш жылга чейин камалат.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Парламентте кыз ала качуунун жазасын күчөтүү сунушталды.
Депутат Марлен Маматалиев кыз ала качкандарды 10-15 жылга чейин кесүү демилгесин көтөрдү.
"Жазык кодексинин 175-беренесинде кыз ала качуунун жазасы 2-5 жыл экен. Биринчиден, ушул берененин аталышын жокко чыгаралы, бизде "никеге туруу үчүн ала качуу" деген түшүнүк болбосун. Аны "адам уурдоо" деп атап 10-15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын карайлы. Ушул мыйзамга өзгөртүү киргизип, жакынкы арада коомдук талкууга чыгаралы. Бурулай, Айзада, кийинкиси дагы ким болот? Бүгүн кечээги кылмышка жоопкерчиликтүү адамды дагы жумуштан алалы. Ушундай жол менен чекит коё алабыз. Беш жылдын ичинде 900 кызды ала качышкан. Анын канчасы аман калганы белгисиз", — деди Маматалиев.
Аны менен катар Эмил Токтошев да мыйзамга өзгөртүү киргизип, жазаны эки эсе күчөтүүгө чакырды.

Айзаданын өлүмү

Бишкек милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев (ортодо) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Айзаданын өлүмү: Бишкек милициясынын башчысы кызматтан кетер-кетпесин айтты

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.
Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0