Ош шаарында милициянын имаратында зомбулукка каршы митинг өттү. Сүрөт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы митинг
Ош шаарындагы аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы митинг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Акциянын катышуучулары колдоруна плакаттарды кармап чыгышкан. Ошондой эле милициядан зомбулукту алдын алуу боюнча отчеттук маалыматтарды талап кылышууда.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ош шаарында дагы аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы митинг болуп өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.
Анын айтымында, кырктай киши Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башкы имаратына чогулган. Алар шаардык милициянын жетекчилигин кылмыштуулук менен күрөшүүдө оперативдүү болууга жана коомчулукка кыз ала качуу салт эмес кылмыш экенин түшүндүрүү иштерин жайылтууга чакырды.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарында дагы аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы митинг болуп өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди
Ош шаарында дагы аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы митинг болуп өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ош шаарында дагы аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы митинг болуп өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди
© Sputnik / Зульфия ТургуноваАнын айтымында, кырктай киши Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башкы имаратына чогулган
Анын айтымында, кырктай киши Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башкы имаратына чогулган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анын айтымында, кырктай киши Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башкы имаратына чогулган
© Sputnik / Зульфия ТургуноваАлар шаардык милициянын жетекчилигин кылмыштуулук менен күрөшүүдө оперативдүү болууга жана коомчулукка кыз ала качуу салт эмес кылмыш экенин түшүндүрүү иштерин жайылтууга чакырды
Алар шаардык милициянын жетекчилигин кылмыштуулук менен күрөшүүдө оперативдүү болууга жана коомчулукка кыз ала качуу салт эмес кылмыш экенин түшүндүрүү иштерин жайылтууга чакырды - Sputnik Кыргызстан
3/3
Алар шаардык милициянын жетекчилигин кылмыштуулук менен күрөшүүдө оперативдүү болууга жана коомчулукка кыз ала качуу салт эмес кылмыш экенин түшүндүрүү иштерин жайылтууга чакырды
1/3
Ош шаарында дагы аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы митинг болуп өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди
2/3
Анын айтымында, кырктай киши Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башкы имаратына чогулган
3/3
Алар шаардык милициянын жетекчилигин кылмыштуулук менен күрөшүүдө оперативдүү болууга жана коомчулукка кыз ала качуу салт эмес кылмыш экенин түшүндүрүү иштерин жайылтууга чакырды
Акциянын катышуучулары колдоруна "Жетишет!", "Ал жашагысы келген" деген плакаттарды көтөрүп, "Ала качуу — бул кылмыш!" деп кыйкырып чыгышты. Ошондой эле милициядан зомбулукту алдын алуу боюнча отчеттук маалыматтарды талап кылышты.

Айзаданын өлүмү

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур ошол жердеги кафенин видео байкоосуна тартылып калган. Милиция тарабынан изделип жаткан автоунаа 7-апрелде Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган.
Жергиликтүү чабан автоунааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн айтып, бирок маани бербегенин билдирген. Ал 7-апрелде гана автоунаанын жанына барып, салондун ичинен эки адамдын сөөгүн көрүп дароо милицияга чалган. Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап, өмүрүн кыйган.
Судьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Кыз ала качкандар канча жылга кесилип, кандай айыпка жыгылат. КР мыйзамдары
Милициянын ыкчам-тергөө тобу тарабынан кызды ала качууга катыштыгы бар делген адамдар изделип, жыйынтыгында 29 жаштагы Р.А. аттуу шектүү кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Күч органдары учурда дагы эки шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-аракеттери жүрүп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, кыздын туугандары аны 5-апрелде эле издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга арыз жазышканын айтып, бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болушкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0